Абылгазиев: Жаңы айдоочулук күбөлүк бир топ арзандады

    Мезгил

Улуттук жана эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн жаңы бланкалары, ошондой эле транспорт каражаттары тууралуу документ өлкө жарандарына жеткиликтүү болот. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы үлгүдөгү бланкаларды киргизүү боюнча өткөн кеңешмеде билдирди.

«Мамлекеттик документтер чет өлкөдө эмес,  өлкө ичинде даярдалышы керек. Жергиликтүү компания утуп алганы кубандырат. Бул мамлекеттик бюджетке салыктан түшүүчү төлөмдүн көбөйүп жатканын билдирет. Эң маанилүүсү, документ жарандар үчүн жеткиликтүү болуп калды, анан да жаңы айдоочулук күбөлүк бир топ арзандады», – деди премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев айдоочулук күбөлүктүн бланкаларынын баасы 90% чейин кыскарганын белгиледи. Бул өз кезегинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын төмөндөшүнө алып келет.

«Бул жакшы мүмкүнчүлүк документтерди даярдоо ишин ата мекендик компания жүргүзүп жаткандыгынан улам түзүлүүдө. Эми баасы валюталар курсуна көз каранды болбойт. Ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнүн алкагында өлкө жарандары үчүн да, тиешелүү мамлекеттик органдар үчүн да айдоочулук күбөлүктү алуудагы керектүү документтердин саны кыскарат», – дейт өкмөт башчы.    

Муну менен бирге Абылгазиев жаңы үлгүлөрдө 20дан ашуун коргоочу элемент бар. Бул аларды эч ким жасай албай турганын айтып тураарын,  атайын сканерлерде жасалма экендигин же жоктугун көрүүгө болоорун кошумчалады.   

Маалымдама: Мурда улуттук үлгүдөгү күбөлүктүн бланктары курс боюнча 925 сом (12 евро) турчу, азыр алардын баасы 100 мом 86 тыйын. Эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн бланкынын баасы 577 сомдон (7,5 евро) 52 сомго чейин арзандады.

Жаңы улуттук жана эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр 2019-жылдын ноябрь айынын аягында берилип баштайт.

Белгилей кетсек, транспорт каражаттарын каттоо боюнча жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр  2019-жылдын 26-июлунда бериле баштаган. Ата мекендик компания – «Госзнак» ЖЧКсы менен келишим түзүлгөндүгүнө байланыштуу, бланканы сатып алуу чыгымы азайды. Эгерде буга чейин жөнөтүүчү менен түзүлгөн келишимге боюнча бланка 770 сом (10 евро) деп бааланып келсе, бүгүнкү күндө ал 192 сомду түзүүдө.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *