Абылгазиевдик өкмөттүн «ооруган тиштерин» жулууга 600 доллардык аттиш керек – 2

 

Мезгил

«Кашка» тиштер

Космосбек Чолпонбаев – Саламаттык сактоо министри. Министр кызматка келгенден бери Бишкектеги ҮДТларды реформалоо, кымбат баалуу автомашиналарды сатып алуу, дары-дармек саясаты, «Тез жардам» автомашиналары боюнча толгон-токой чыр чыкты. Депутаттар «отставкага кете бериңиз» деп сунушташты. А деген менен Космосбек Чолпонбаев «мурдун балта кеспеген» кыйын министр экен, иштеп келе жатат.

Бул – сөөк чайнаймын деп чекесин кетилтип алган, оюгуна Германиядан келген жамаачы, пломба салынган «кашка» тиш.

 Гүлмира Кудайбердиева – Билим берүү жана илим министри. Үркөрдүн кызы үлпүнчөк дегенчелик бар, кемчилиги бар, аны чукугандар толтура. Бирок, министр айым калыбынан жазбай, сын айткандарга, «отставкага айдагандарга» көңүл бурбай, баш көтөрбөй иштеп келе жатат.

Бул – маңдайдагы кашкайып көрүнгөн «кашка» тиш. Маңдайкы «кашка» тиш кишинин жүзү болот, б.а. Абылгазиевдик өкмөттүн да жүзү. Ошондуктан анча мынча «грамматикалык ката» кетирсе да көз жумушуп, тиши жок экен деген сөзгө калгылары келбей, «сулуу көрүнүш үчүн» бул «кашка» тишти көз мончоктой сактап келишет.

 Дастан Догоев – Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы. Өз ишин жакшы билген, саясаттын сазына батпаган, артында жаман сөзү жок, тың жаш кадр.

Бул – таза, бекем, кетилбеген, заманбап 3 D принтери аркылуу жасалган «кашка» тиш.

 «Сүт» тиштер

Улукбек Кочкоров – Эмгек жана социалдык коргоо министри. Дымагы күчтүү, анча-мынча бизнеске аралашкан, депутат болгон, президенттикке талапкерлигин коюп жакшы эле бара жатты эле. Анан, эски системага, багытсыз бара жаткан эшелонго илешип, бош жүрбөйүн деп чыдабай кетип, көп акча талап кылган, бирок акчасы болбогон тармакка биринчи эле чакырганда бара коюп  өзүнүн баасын билдирип койду. Кантсе да Баткен кичи Мекени го деп чек ара маселеси чыкканда эл үмүт менен күттү бирок, бир жолу ооз ачып сүйлөй алган жок.  Тилин тиштеп Мекенден кызматты жогору коюп отурат. 

Бул – жашы өтүп бараткан «сүт» тиш.

 Азамат Жаманкулов – Маданият, маалымат жана туризм министри. Жаш болгон менен жасаганы тың. Ал тургай өз курдуулардан ашып түшөт. Маданий жайларга жетекчилерди дайындоо, же кызматтан алуу боюнча тажрыйбалуу адис. Балакай министр, балапан министр, тың чыкма министр.

Бул – ийнедей болгон ичке, жаңы төрөлгөн балага чыккан курч, жаш «сүт» тиш.

 Эркинбек Чодуев – Айыл чарба, тамак-аш жана суу чарба министри. Абылгазиев сүйрөгөн өкмөт дөңгөлөгү улам жарыла берген арабага окшош. Депутаттык креслосун Айыл чарба министрилигине алмаштырган Нурбек Мурашевге «картөшкө илдети» жабышты. Оорусу күчөп кетип, кетеринде «кара галош» кийип жолго түштү. Ордуна Чодуев келди.

Бул – өкмөттөгү жашы өтүп бараткан, бирок, картөшкө менен алманы коркпой эле чайнай ала турган «сүт» тиш.

 «Ууру» тиштер

Абылгазиевдик өкмөттүн кичине-чоң «ууру» тиштери бар. Алар Өкмөт башчынын жакындары.

Рысалиев Иманкадыр, Абылгазиевдин бажасы.

Бул – мурда эле чыгып, жаактын жайлуу жеринен орун алып алган «ууру» тиш.

Ирсалиев Дүйшөн, Абылгазиевдин жээни.

Бул – жаактагы тиштердин ич жагынан өсүп чыккан, анчейин байкала бербеген «ууру» тиш.

 Ошентип, эгерде Абылгазиевдик өкмөт күзгө жетсе «ооруган» тиштерин аттиш менен жулдуруп, ордуна жаңысын каптатабы, же «тиш оорунун» азабын тартып жүрө береби, азырынча күтө туралы?

Булак: Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *