Абылгазиевдик өкмөттүн «ооруган тиштерин» жулууга 600 доллардык аттиш керек

    Мезгил

Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт башчы болуп «ээрге олтурганда кыйшык олтурду, бир күн жылмышып түшөт» дегендер болгон. Чындык үчүн айта кетели, бул киши ишин баштагандан бери экономикада өсүү байкалбаса да стабилдүүлүк байкалып, тоодой иштер жасалбаса да токойдой иштер жасалып, чытырмандын арасынан эптеп жол таап, парламенттеги депутаттардын элегинен тешик издеп өтүп жүрөт. Ал креслого олтургандан бери бирөөгө ак же көк деп айтканын уга элекпиз. Экономика өгүз өлбө, араба сынба калыбында келе жатат.

Эми жөжөнү күздө санайт дегендей, күз келип, Абылгазиевдик өкмөттүн жасаган иштерине жооп берчи кез жакындады окшойт. ЖМКда өкмөт отставкага кетет деп, анын ордуна кимдер барат деген талкуулар ачык жүрө баштады. Кээ бирлер Абылгазиев ордунда калып, чабал өкмөттүн «арык-торук» министрлерин «аскарбашыл садага чалат» деп күтүп турушат. Эмесе, Абылгазиевдик өкмөттүн баш терисин байкап, мээсин чайкап, 32 тишин чогуу санап көрөлү. 

«Акыл азуу» тиштер

Өкмөттүн «акыл азуусу» болгон 4 вице-премьер-министри бар.

Кубатбек Боронов – биринчи вице-премьер-министр. Мамлекеттик кызматка баш бакканы жалаң гана ӨКМди тармагынан алыс чыкпаган байкебизге көз тийбесин, артынан ээрчиген жаман сөз жок азырынча. Дача СУ боюнча комиссиянын мүчөсү катары бир аз сын айткандар болгон, бирок жарытылуу кынтык таба алышкан эмес.

Бул – картаң, бирок четине курт түшө элек «акыл азуу» тиш.

Жеңиш Раззаков – вице-премьер-министр. Бир топ жыл милиция кызматкери катары байкалбай иштеп жүргөн Жеңишбек Парпиевич 2012-жылы асмандан түшө калгансып Баткен губернатору болуп чыга келет. Андан кийин 2016-жылы Бишкекке келип, Ак үйгө конуп, вице-премьер-министр болуп креслого олтурат. Коопсуздук кеңешинде, президенттин кеңешчиси катары, андан соң кайра эле учурдагы ордуна келген учурда артында калбыры жок эле. Же анысын тыкыр киши артына билдирбей катып, көпчүлүккө көрсөтпөй жүргөнбү? Айтоор, Баткендин Ак-Сайында чек ара жаңжалы чыккан убакта бара коём деп, абиири ашмалтай болду. Эл деген азыр чоң саясатчыга айланган эмеспи, Раззаковдун мурда иштеп жүргөндө жасаган былыгын чукуп чыгышты. Ал эле эмес ЖКга абал боюнча айтып берем деп келсе депутаттар да тепкиге алышты. Иши кылса «суу саткан», «тажиктердин кызыкчылыгана иштеген» деген толгон токой «ордендер» тагылса да бул байкебиз камырабай иштеп жүрөт. Коргоо кызматынын өкүлү болсо да, Раззаковдун жасаган иштери шалкы, жүүнү бош, кошуналар менен эсептеше албаган жоош кадр деген айыптар тагылып келет.

Бул – «ооруп» турган, тамыры шамалдаган, бүйлөсү шишип чыккан «акыл азуу» тиш.

 Алтынай Өмүрбекова – вице-премьер-министр. Түрдүү жумуштарда жүрүп, депутат болгон, администрациялык жумуштарды аркалап келген бул эжекебиз вицеликке ЖКдан басып келген. Коомчулукта бир аз сындар айтылып жүрөт дарегине. Бирок, өтө эле одоно кетирген катачылыгын тапкан жокпуз.

Бул – күн сайын Blend-a-Med пастасы сүйкөлгөн тиш жуугуч шётка менен тазаланып, эттин калдыктары тыгылып калбай турган жылтылдаган «акыл азуу» тиш.

 Замирбек Аскаров – вице-премьер-министр. Ушундай вице мырза бар экендигин кээде унутуп деле калабыз. Креслого Оштон көтөрүлүп келген. Жасаган жумуштары, же былыгы тууралуу деле жарытылуу маалыматтар азырынча жок.

Бул – «Акыл азуулардын» ичинен мүлктү жаңы жарып чыккан, жаш «акыл азуу».

 «Азуу» тиштер

Чыңгыз Айдарбеков – Тышкы иштер министри. Чыңгыз Азаматович тууралуу да терс пикирлер жок. Министриликтин ишин өз деңгээлинде жүргүзүп келет. Мыкты десек болот. Чектен чыга элек.

Бул – эт чайнаганга жарган жаш, таза «азуу» тиш.

Марат Жаманкулов – Адилет министри. Эч сөз жок. Чуусу же дуусу билинбей келет.

Бул – жаактын төр жагынан орун алган, ооз ачканда анчейин көрүнө бербеген, арткы «азуу» тиш.

 Жеенбаева Бактыгүл – Финансы министри. Саясий партия, телевидения, банк, мамлкекеттик кызматтар, деги бул эжекебиздин иштебеген, жүрбөгөн жери жок. Эми өлкөнүн маанилүү делген бакыйган министри. Буга чейинки иштерине коюлган кинелер болгон менен учурда аткарып жаткан кызматына карата ак же көк деген сындар айтыла элек.

Бул– төрт тамыры жаакка терең орношуп, жайлуу жайлашкан «азуу» тиш. Анын төрт тамыры менен кошо жулуп салуу кыйынга турат, бул «азууну» тажрыйбалуу «тиш догдур» гана жула албаса, анача-мынчасынын алы жете бербейт.

 Санжар Муканбетов – Экономика министри. Май айында отставка сурап ойт берген Олег Панкратовдун ордуна жаңы келген, терс пикирлер айтыла элек.

Бул – «капталма кийме азуу тиш». «Кийме тиш» жаңы болгондуктан азырынча мокой элек.

 Жанат Бейшенов – Транспорт жана жолдор министри. Транспорт министринин орун басары олчойгон пара алам деп кармалган учурда да министр Жамшитбек Калиловго Абылгазиев эч темке деген эмес. Кийин президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында «Министрдин орун басары олчойгон пара алып жатса буга министрдин да жоопкерчилиги бар» деп сындагандан кийин чара көргөн. Мурункунун сабагынан коркуп калган жаңы министрдин аты-жыты али чыга элек.

Бул – «коррупция» деген курт жеген «азууну» тамыры менен жулдуруп, ордуна иплантат кагып, ага кептеме кийгизе салган «азуу» тиш.

 «Кыл кыйма» тиштер

Кашкар Жунусалиев – Ички иштер министри. ЖМК өкүлдөрүнөн 5 миллион доолаганды билген, антсе да байкатпастан өз ишин алдыга жылдырып келе жаткан министр.

Бул – эт берсең кырчый үзө жулуп, «азуу» тиштерге чайнаганга жибере турган «кыл кыйма» тиш. Бирок, “кашка тиштер”, «азуу тиштер» жардамга келбесе «түшкү тамакка» 3 жолу «чакыруу катын» жиберип, «суракка» келтире албай, кечке дейре курсакты курулдатып ачка калтыра турган жайы да бар.

 Мирзахметов Нурболот – Өзгөчө кырдаалдар министри. Министр бар, иштеп атат.

Бул – «кашка тиштер» муздак суу ичкенде какшап ооруп, «азуу тиштер» аш чайнай албай калган кезде жардамга келчү «кыл кыйма» тиш.

 Орозбек Опумбаев – УКМК төрагасы. Жаңы келген киши, жаман да, жакшы да сөз жок.

Бул – «кашка тиштер» тамакты ылгабай ооз көңдөйүнө өткөрүп жибергенде өнөрүн көрсөтө турган, жакпаганын сыртка буркүп чыгарып сала турган, ЖМКнын ролун аткарган тилге да цензура айтып, «эскертүү катын» жиберип тура турган «кыл кыйма» тиш.

 Эмил Осмонбетов – Өнөр жай, энергетика жана тоо-кен боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы. Министрликте көйгөй көп, министрде да көйгөй бар.

Бул – бүйлөсү тоодой бекем, тамыры тереңге кеткен, сыртына алтын жалатылган, кымбат баалуу «кыл кыйма» тиш.

 (Макаланын уландысы «Абылгазиевдик өкмөттүн «ооруган тиштерин» жулууга 600 доллардык аттиш керек – 2 ден» окуй аласыздар)  

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *