Абылгазиевге маалымат туура эмес жеткенби?

Мезгил.

Солтон-Сары кенинде жергиликтүү эл менен компаниянын жумушчуларынын ортосундагы окуядан улам ишкананын иши токтобош керек экендигин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кендеги кырдаал боюнча өткөн кеңешмеде билдирди.

Бул жерде жергиликтүү тургундар компаниянын ишмердүүлүгүнүн айлана-чөйрөгө келтирген зыяндарынан улам көтөрүлүп чыгып, компаниянын жумушчулары менен жаңжалдашууга барды. “Компания ишин токтотсун” деп чыр чыгып жатса, премьер-министрдин “эл менен жумушчулардын ортосундагы чырдан улам, компаниянын иши токтотулбашы керек” деген билдирүүсүнөн Абылгазиевге туура эмес маалыматтар жетип жатабы деген суроону жаратты.

Ошондой эле инвесторлор талаптарды аткарбаса, жарандардын укуктарын бузса, мыйзам чегинде чара көрүлөрүн баса белгиледи премьер-министр.

– Эгерде ушул сыяктуу окуялар үчүн адамдар ишканаларды жабууну талап кыла беришсе, инвесторлор бизден баш тартышат. Бул окуяны пайдаланып кетүүнү каалаган айрым адамдардын аракеттери жетишкендигибизге бир заматта коркунуч туудурушу мүмкүн. Кайсы бир нерсеге тыюу салууну же кимдир-бирөөнү кууп кетирүүнү талап кылуу менен күнүмдүк тиричилик жагдайын саясий нукка бурбаш керек. Бардык талаштар укуктук негизде чечилүүгө тийиш.

Өкмөт башчы 2009-жылдан бери мурдагы бийлик тарабынан кабыл алынган кен боюнча чечимдерди кайра карап чыгуу конструктивдүү диалог аркылуу гана мүмкүн экенин кошумчалады.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Солтон-Сарыга барып жергиликтүү тургундар жана кытай компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушкан. Жарандар тарабынан тоо-кен компаниясына карата 83 пункттан турган талаптар коюлуп, алар аткарууга милдеттендирилгени айтылат.

5-августта Солтон-Сары кениндеги кытайлык компания менен жергиликтүү элдин ортосунда чыр чыгып, тараптар бири-бирине таш ыргытышкан. Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү учурда чыр чыккан жерде жүрүшөт. Милиция окуяны териштирип жатат.

Мезгил Ньюс

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *