Абылгазиевге суроо. Дача СУга кулаган учак Атамбаевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү экенин билип жашыргансызбы?

   Мезгил

Урматтуу Мухаммедкалый Дүйшөкеевич! Сизди Дача СУга кулаган учак Атамбаевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү экендигин билип туруп, маалыматты жашырып койгон дешет. Ушул суроого чындыкка тике карап туруп, түз жооп берүүгө кудуретиңиз жетеби? 

Урматтуу калайык-калк! Көйгөйгө көмүлгөн замана улам татаалдашып, оңолгон түрү байкалбайт. Элди чындап аралап, карапайым адамдардын арманын уккан эч ким жок. Арыз-арманын айтууга баргандар бийлик лөктөрүнүн босогосун аттай албай, тосотторунан өтө албай бозоргондугу жашыруун эмес. Андыктан элдин арыз-арманын “Mezgilnews” сайты аркылуу даректерге жеткирүүгө белсендик.

Кимдир бирөөгө арыз-арманыңыз, сурооңуз же нааразчылыгыңыз болсо “Эл сурак” рубрикасына кайрылыңыз. Байланыш номуру 0707 87-09-09.  Ал эми собол жолдонгон жакты эл тарабынан берилген суроолорго чычалабай, калыс, чын жүрөктөн жооп берип коюуга чакырабыз.

 Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевге!

Урматтуу Мухаммедкалый Дүйшөкеевич! Сизди өлкөбүздүн өкмөт башчысы катары, артыңыздан суук сөздөрдү эрчитпеген, өз ишин өз чегинде аткарып келе жаткан кадр катары элибиз жакшы билет. Бир даары сиздин башкарган өкмөткө туугандарын, бажасын майлуу-жайлуу жерлерге жайгаштырып алган деп сын сөздөрдү айтса, дагы бир топтогулар сиздин дарегиңизге алкоо сөздөрдү жолдошот.

Менин айтайын дегеним 2017-жылдын 16 –январында жүк ташып бараткан ACT Airlines (MyCargo) деп аталган түрк авиакопаниясына тиешелүү «Боинг-747» учагы Дача СУга кулап түшкөн. Каргашадан 35 жараныбыздан айрылып кабыргабыз кайышкан. Ошондой эле экипаждын 4 кишиси, түрк жарандары да окуя болгон жерде мерт кеткен.

Сиз ошондо өкмөттүк комиссияны жетектеп төрага болуп тургансыз. Ал эми иштин жүрүшүн ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев жеке көзөмөлүнө алган. Кубатбек Боронов жетектеген ӨКМ кайрымдуулук катары жыйналган 102 миллион 160 миң 180 сомго көзөмөл жүргүзгөн. Ырас комиссия дурус иш жүргүздү. Жабыр тарткандарга жардам берилди. Бирок, ошол күндөн ушул күнгө чейин бир нече суроолорго коомчулук жооп ала албай келет.

1) Жүктүн чыныгы ээси ким?

2) Каражаттар кандайча коротулду. Толук отчётту билгибиз келет?

Ушул суроолорго улай эле сиздин жеке дарегиңизге карата эл арасында айтылып жүргөн бир нече сөздөр бар. Аны мен сизге суроо катары узатайын дедим.

Сизди комиссиянын башчысы катары каргашалуу жүк Атамбаевдин үй-бүлөлүк бизнесине, тагыраагы Раиса Атамбаевага тиешелүү экендиги тууралуу маалыматка ээ болуп туруп, аны жашырып койгон дешет, бул чындыкпы?

Суроо узаткан: Руслан Кольцовский.

 Бишкеке шаары, Калыс-Ордо-2 деген аты бар, заты бар, жашоочулары бар, бирок, документи жок конуштун тургуну.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *