Адахан Мадумаров: Биз неге ушунчалык таш боор болуп калдык?

Мезгил

Кыргыздын бир азаматы Мурат Суталинов бирөөгө жагабы, жакпайбы бул башкы маселе эмес. Эӊ негизгиси Мурат Суталиновду дарыгерлер жыйналып кеӊешме өткөрүп, төртүнчү баскычтагы атыӊ өчкүр жанагы аты жаман оору менен ооруп жатат деп тыянак чыгарып берди. Бирок, сот анын ишин карабай четке кагып,  дарыланууга, үйгө  чыгарбай жатат. Бул эмне деген шумдук? Мына ошол судьянын  жүрөгү бар бекен, жок бекен? Рентгенге салып көрүү керек. Жаш эле бала экен. Ага карьера жасоо керек. Себеби ал ошондой тапшырма алган мына ошону аткарууда. Бул тууралуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештерибиз менен болгон жолугушууда билдирди.

-Убагында, “оорукчан экен, үч күндө каза болуп калышы мүмкүн” деп эмне деген баш кесерди кызыл килемдин үстүндө узатып жиберишпеди беле. Бүгүн кайда ошол баатырлар? Биз неге өзүбүзгө келгенде, өзүбүз ушунчалык мыкаачылыкка барып жатабыз? Биз неге ушунчалык таш боор болуп калдык? –деди Адахан Мадумаров

Белгилүү саясатчынын айтымында Суталиновдун ооруп жатканын билүү үчүн дарыгер болуунун деле кажети жок.

-Суталиновдун ооруп жатканын билүү үчүн дарыгер болуунун деле кажети жок,  кебетесинен эле көрүнүп турбайбы. Анан мына ушул генерал азаматтын кылмышын далилдебей туруп, райондук сот баш тартып койгондон кийин мен баарынан түӊүлдүм. Демек ушунун баарын көргөндөн кийин да биз унчукпай койсок, анда акыры заман келген тура. Себеби, акыры замандын белгилеринин бири ушул – элден ушунчалык мээр качат деп айтылат. А бизден мээр качыптыр.  Бул биринчиден. Экинчиден туура айткан кишини четке чыгарып калат дейт. Жалган айткан кишини төбөсүнө төгөрөктөп көтөрүп алып жүрүшөт дейт. Бүгүн биз да ошондой коомго барып калыптырбыз-деди Мадумаров

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *