Адахан Мадумаров: Булардын мээлери көктөп кеткен…

Мезгил

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров: “Бүгүнкү күндө эл менен бийлик ортосунда сүйлөшө ала турган киши жок”.

 “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, белгилүү саясатчы Адахан Мадумаровдун кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга байланыштуу өзүнө карата айтылган жагдай боюнча пикири.

-СССРдин тарашы тууралуу документтерге да, Советтер Союзу менен Германиянын согушунун токтошуна дагы Мадумаров кол койгон деп айтып чыгышса жакшы болмок. Дарыланып жатканда да тынч койбодуӊар. Эми айтууга мажбурмун. Бул бийликтин аябай алсыздыгы, бул алардын түркөйлүгү, сабатсыздыгы! Сабатсыз десем эле күлө берчү элеӊиздер, мына алар өздөрүнүн сабатсыз экенин сүйлөгөн сөздөрү, жазган каттары, кабыл алган мыйзамдары аркылуу күн сайын көрсөтүп жатышат. Сабатсыздар да! Ал жердеги келишим протокол деп аталат. Протокол эч качан бир мамлекеттен экинчи мамлекетке берилбейт. Эсиӊиздерде болсо керек, ошол учурда аябагандай оор кырдаал түзүлгөн, тажик тарап бир тараптуу чек ара постун киргизип, бир тараптуу тосуп алган эле.

Бир килограмм чай алып өтөсүӊбү, бир литр май алып өтөсүӊбү айырмасы жок тыкыр текшерүүгө алышып, ал гана эмес, биздин кыз-келиндерди чечиндирип караганга чейин жетишкен. Абдан оор кырдаал түзүлгөн. Биз бул маселени чечишибиз абзел эле. Бүгүнкү күнгө чейин тажик менен кыргыздын ортосундагы маселе такталган эмес. Талаш жерлер көп. Биз ошондо айттык, талаш жерлер акырындык менен тактала берет, балким он жылдан кийин, балким отуз жылдан кийин, балким бизден кийин бир жакшы муун келет, балким мына ошолор чечип калар. А бирок, жашоо уланышы керек эле. Турмуш токтоп калбашы керек эле.

Биздин  “2011-жылга чейин Эгемен кыргыз авто жолдору”,- деген жакшы программабыз бар эле. Мына ошол программанын негизинде, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Тажикстандын анклавын айланып өтүп, өзүбүздүн аймак аркылуу жол салуу маселеси саясий деңгээлде толук чечилген болчу. Биздин макулдашуунун шарттары төмөндөгүдөй болчу: биз тажик тарапка электр энергиясын биздин аймак аркылуу алып өтүүгө макулдук беребиз. Алар болсо бул жолду курууга макулдук бериши керек болчу. Ошентип эки тарап келишип, аябай жакшы макулдашууга жетишкенбиз. Бул аябагандай мыкты келишим. Ошон үчүн алар текстти толук бойдон көрсөтө албай жатышат.

– Мыкты келишим, жакшы макулдашууга жеткенбиз деп айттыӊыз. Анда эмне үчүн бул макулдашуу аягына чыккан жок?

– Жетишилген макулдашуу кийин эмнеге аткарылбай калганы мага түшүнүксүз. Себеби мен Коопсуздук кеңешинде бир жылдай эле турдум. Негизи кийин бийликке келгендер улам ошол макулдашуунун шарттарын аткарууну тажик тараптан талап кылып, ишти илгерилетиши керек эле. Бирок кийин биз тараптан андай аракеттер болгонун байкаган жокмун.

– Кечээги кыргыз-тажик чек арасындагы чырдын келип чыгышынын себеби эмнеде деп  ойлойсуз?

– Маселенин чечилбей жатышына кыргыз бийлигиндеги сүйлөшүүгө жөндөмдүү кишинин жоктугу себеп болууда. Биринчиден, тажик тарап менен сүйлөшө ала турган, экинчиден, ал жердеги жергиликтүү калк менен сүйлөшө турган инсан болушу керек. Ал социалдык жактан легитимдүү болушу зарыл. Легитимдүү деген анын сөзүнө, кыймыл-аракетине эл тарабынан толук ишеним көрсөтүлүшү керек, андай инсан жок.

Бүгүнкү күндө эл менен бийлик ортосунда сүйлөшө ала турган киши жок. Жыл сайын жазында ушул маселе чыгарын билишет. Эмне үчүн ушуга чейин алдын алуу иштери жүргүзүлгөн эмес? Аны айткан менен бул нерсени түшүнгөн киши жок, маселенин баары ушунда.

-Айрым массалык маалымат каражаттары, айрым адамдар социалдык сеттерде бул чырдын чыгышына Сизди да күнөөлөп жазып чыгышты го…

-Эмнеге чуунун чыкканын дагы билем. Соңку сурамжылоо боюнча Мадумаровдун кадыр-баркы аябай көтөрүлүп кетти. Элдин ишеними көбөйүп кетти. Чек арадагы чырга кызыкдар да, буюртма берген да, аны ишке ашырып жаткан да бүгүнкү бийлик. Анткени, баягы кыйкырып жүргөн Каркыра элге өтпөй калды. Ал эскирди. Жаӊы бир ыкма ойлоп табыш керек дешти. Анан атайын бул чуу уюштурулду.

Соӊку мезгилдерде Бишкекте ар кандай митингдер болору жарыяланып жатат. Мисалы, 7-апрелден кийин пайда болгон бир уюм “Биз КСДПны Атамбаевден тазалайбыз” деп кыйкырып жатса, анда биз “Кыргызстан азыркы бийликсиз деген ураан менен чыгабыз” деп көптөгөн иш чаралар уюштурлуп жатпайбы? Үч күндүн ортосунда эле бир эле партиянын эки съезди өткөнү жатат. Мына ушул учурда бийликтин үрөйү учуп, жалпы коомдун көӊүлүн кандайдыр бир башка жакка буруу керек болду. Эгерде чыр чыкпаса чыгарыш керек болду.

Болгондо да эл аралык деӊгээлде чыккан болсо элдин көӊүлү ошол жакка бурулуп кетет. “Кокуй мобул жакта мындай болуп жатса, кой ички биримдигибизди көрсөтөлү, ынтымакты сактайлы” дегендей  арамза ойлорунда элдин көӊүлү башка жакка бурулуп кетет деп ойлошту. Кеп ал келишимде эмес! Тескерисинче ал келишим  Кыргызстанга аябай көп пайда алып келет. Кеп Мадумаровдо болуп жатат! Эмне үчүн эл муну катуу колдоп кетти деген ич күйдүлүктө болуп жатат. Мына жазында парламенттик шайлоо өткөрүп жиберели деген аракеттер менен эл аралык уюмдарга буйрутма берип анализ жүргүзүштү эле “Бүтүн Кыргызстан” аябай бийик позицияга чыгып кетип,  корккондорунан  шайлоону да токтотуп коюшту. Арам ой – адалдык, тазалык, жакшылык менен бүтпөйт. Бул нерсенин аягы  баары бир жакшылык менен бүтпөйт.

– Бул иштин артында ким турат деп ойлойсуз?

-Бул кагаз өзүнүн атын туура жазалбаган бир депутат тарабынан кеткен. Ал илгерки бийликтин чөнтөгүнөн түшпөгөн бирөө эле. Өзүнүн кара бизнестери менен кыргыз жигитине, мусулман баласына жарашпаган арам иштери менен белгилүү болгон инсан. Азыр эми Жээнбековдордун чөнтөгүнөн түшпөй калды. Мына бүгүн да көрүп келейин дегендей кылып кетиптир го. Бул деген провокация. Провокацияны кимге жармаштырыш керек? Мадумаровго жармаштырыш керек. Анткени анын эл алдында кадыр-баркы өсүүдө.

Бул ошол 7-кабаттын берген буйругу, жазмасы, жалаң фейк маалыматтар. Арамза бийликтин иш жүргүзө албагандыгынын, алсыздыгынын кесепети ушул. Мадумаров расмий бийликтен кеткенине 10 жыл болсо дагы кайра эле Мадумаровдун атын атагандык алсыздык, экинчиден сабатсыздык. Катты туура эмес жазган кишилердин бийликке келгенинин кесепети ушул. “Эски бийлик, эски бийлик” деп кыйкырып жаткан болсо жаңы бийлик 10 жылдан бери оңдоп койбойбу? Бул караңгылык, сабатсыздык, өтө чектен ашкан кара ниеттик.

Анан эгерде 2009-жылы ушундай чечилсе, эмне үчүн 2010-жылы, 2011-жылы, 2015-жылы кечээги президенттик шайлоодо ошол жердеги жергиликтүү калк мага 90 пайыз добушун берди? Эмне үчүн? Кайда логика. Ойлонуш керек да. Бирок, булардын ойлонгонго кабылети жетпейт. Себеби, интелектуалдык деӊгээлдери аябай төмөн. Мээлери же көктөп кеткен. Же коолап өсүп кеткен. Бул нерсени ойлонгонго акылдары жетпейт.

Сизге карата айтылган доомат кыргыз элине белгилүү эле аксакал адам тарабынан айтылды да. Аксакалдар да калп айтабы?..

-Аксакалдар деп атасыӊар. Кайсы бир аксакалдын мага каршы сүйлөгөн сөзүн уксаӊар, ошол адамдын баласы же кызы бир майлуу жерде жумушта иштеп жаткан болушу керек, же ошол атасынын жамандоосунун арты менен жакында майлуу бир кызматка орношот деп койгула.

Анан кээ бир аксакалдар мага 90-жылдан бери эле каршы. Эмнеге? Себеби, президенттик шайлоодо эмне үчүн  Абсамат Масалиевичти колдойсуӊ деп мага каршы болушкан. А эмне үчүн бул кишиге каршысыз десем, ал киши мени жетекчилик кызматка көтөрбөй койгон деген жеке таарынычтарын айтышкан. Азыр сексенден өтүп калышса деле жаш баладай болуп ошол таарынычтары азыр да бар. Ошондуктан алардын сөзүнө маани берип, таарынбаш керек.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *