Адахан Мадумаров: Саясый өңүттө камалгандардын маселеси Жаңы жылга чейин чечилүүсү кажет

Мезгил

Кезинде мен өз колум менен жазып, 2011-15-17-жылдардагы шайлоолордогу ар бир мыйзам бузууларын дискке көчүрүп Сапар Исаковдун колуна тапшыргам.Мындай пикирин «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров басма сөз жыйында билдирди.

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидеринин айтымында, биздин аткаминерлердин акылы түштөн кийин келет. Атамбаевдин акыркы берген маеги да кечиккен махабат дегендей эле өтө кечиккен өкүнүч. Ал эми Атамбаев «көптөгөн суроолорго жооп берилбей жатат»,- деп атат. Атамбаев бийликте турган кезде да жооп берилген эмес.

-2011-15-17-жылдардагы шайлоолордогу ар бир мыйзам бузууларды мен өз колум менен жазып, дискке көчүрүп, Кыргызстандагы мыйзам бузуулар боюнча фактылар менен дискти Сапар Исаковдун колуна тапшыргам. Бирок жооп берген жок. Туура деп да, туура эмес деп да айткан жок. Бүгүн эми ушундай абалга кептелди. Биздикилердин акылы түштөн кийин кирет. Ал эми менин командамды соту жок камап койду деп атпайбы. Ал нерсе мурда да болуп келген-деди Мадумаров

Мадумаров, Атамбаев айрым жерлерин бир жерлерин туура айтып жатат. Бирок ошол туура айткан жерлерин бир жарым жыл премьер-министр, алты жыл президент – жалпы жети башчысы жарым жыл бийликте отурганда жасап коюшу керек эле,- деп кошумчалады. Мадумаров президент менен жолугушууда айткан сөздөрүн КТРК эл уктагандан кийин бергенине «Качанкыга чейин коркуп жашайбыз. Тышкы жана ички саясатты аныктай турган кожоюну жок өлкө болуп калдык»  нааразычылыгын айтты.

 Ошондой эле «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын ана башчысы «сот реформасы Конституцияга өзгөртүү киргизүү зарылдыгын,  жалаа жабуу менен камалгандарга жоомарттык кылынышы шарт экендигин, саясый өңүттө камалгандардын маселеси Жаңы жылга чейин чечилүүсү керектигин баса белгиледи.

Булак: Мезгил Ньюс

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *