Адилдин Абдилде кандай өчү бар?

     Мезгил

Атамбаевдин короосуна бирге корголоп, КСДП деген партиясынын жайлоосунда бирге жайлоолоп жүргөн Адил Турдукулов менен Абдил Сегизбаевдин ортолорунан кара мышык кесип өткөн. 7-8-августтан соң Атамбаев “ардактуу эс алууга” кеткенден кийин Адил Турдукулов “жылаңач баатыр” болуп чыга келди. Элди таң калтырганы Адил партиялашы, кечөө ээле табакташ болуп бирге сейилдеп жүргөн Абдилди “Белизгейт” боюнча айыптап чыккан.

Анда Адил кожоюнсуз калган КСДПнын лидерлигин ээлеп калууну максаттап жатат дешсе, дагы бирлер укук коргоо органдарынын түгөнбөгөн сурактарынан өзүн коргоп жатканы, кечөө Атамбаевдин этегине эрмешип жүрүп, бүгүн карапайым элге жагынуунун амалы деп айтышкан. Адил Баш прокуратурага Абдилдин атына доо арыз менен кайрылгандыгын ЖМКга жарыялап, эми башталат, Абдил камалат деген божомолдорун учура баштаган эле.

Кийин Баш прокуратура Абдилди кылмыштын курамынада жок деп тапканда баарыбыздын оозубуздан келмебиз түшүп калды. Бул жерде эмне табышмак жатышы мүмкүн?

1) Адил доо арызды туура эмес жазып алса керек. Ал арызын “Белизгейттин” бетин ачууга багыттаганбы, же Абдилдин “Белизгейтке” тиешелүүлүгүң аныктап берүүгө арыз жазганбы? Эгерде арыз экинчи мааниде жазылган болсо анда Баш прокуратуранын жообу чындыкка жакындап кетет.

2) Эгерде “Белизгейт” ишин териштирүү улана турган болсо, “Белизгейт далилденбей калса жумуштан кетем, керт башым менен жооп берем” деген  КТРКнын ошол кездеги жетекчиси Илим Карыпбеков жана Белизге юристтердин жардамы менен кат жиберип, жооп алган журналист Канат Каниметов да бул ишке жоопкер болуп калышы ыктымал. Адил Турдукулов ушул эки КТРчининин үстүнөн арыз жазса балким издеген “күнөөкөрүн” тапмак.

3) Адил Турдукулов Баш прокуратуранын жообунан кийин “Абдил Сегизбаев бийлик менен тил табышып кетти, же анын колунда бийликке болгон компраматы бар” деген билдирүүсү деле толук ынаным жарата бербейт. Бул билдирүүгө болгон ишеним 50гө 50, б.а. тең салмакта.

4) Азыр Сегизбаевди сүйгөн киши жок. Бирок канткен менен бул жолу  универсалдуу Адил Турдукулов жеңилип калып, жеңиш ташы УКМКнын экс-башчысы Абдил Сегизбаевге ооп кетти.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *