Ахматбек Келдибеков: Азыркы бийликтин Атамбаевди жоопко тартканга саясий эрки жетет

Мезгил

Белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер Атамбаевдин бийлигин кландык-авторитардык башкаруу катары таануу жана экс-президенттин кол тийбестигин алып, аны жоопко тартуу маселеси көтөрүшүүдө. Ал эми Атамбаевдин тарапташтары Атамбаевди  жоопко тартабыз деген “кур кыял” деген пикирлерин айтышууда. Жогорку Кеӊештин бешинчи чакырылышынын төрагасы Ахматбек Келдибеков азыркы бийликтин Атамбаевди жоопко тартканга саясий дарамети жетет деген көз карашта.

-Саясий куугунтуктун жеткен чеги Атамбаевдин бийлигинин тушунда болду. Ал өзүн “мыйзам мен, бардыгын мен чечем, мен айткандай гана болот” дегенге чейин жеткен. Мага окшоп соттолгондордун бардыгына чыккан өкүмдөр соттордо эмес, алгач Ак үйдөн ойлоп табылып, чыгарылган. Азыркы бийликтин мыйзамды тебелеп-тепсегени жана экономикалык кылмыштары үчүн Атамбаевди жоопко тартканга саясий эрки жетет деген ишенимдемин-деди Келдибеков

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *