Ахматбек Келдибеков: Биз алсырабайбыз, тескерисинче күчтөнүшүбүз мүмкүн…

Мезгил

“Ата Журт” партиясын колдоп келген туруктуу электораты, эл алдындагы аброю бар деп ишенимдүү айта алам.  Бул тууралуу “Ата Журт” партиясынын тең төрагасы Ахматбек Келдибеков  “Ата Журт” саясий партиясы 2020-жылдагы парламенттик шайлоого “Республика” партиясынан бөлүнүп, өз алдынча бара тургандыгын жарыялады. Бул “Ата Журтту” алсыратпайбы? –деген журналистин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын төрагасынын айтымында “Ата Журт”  партиясынын ишенген колдоочулары, туруктуу шайлоочулары бар. Ошондуктан аталган уюм өз алдынча шайлоого барат. Бул аларды алсыратпайт тескерисинче күчтөнтөт.

– “Ата Журт” партиясы күчтүү партиялардын катарында келет. Анын көптөгөн шайлоочулары бүгүнкү күндө да колдоп, партиянын келечегине ишеним артып келишет. Ал эми жогоруда сиз сөз кылган эки партия бириккен учурда мен катышкан эмесмин. Бирок мен бүгүнкү күнгө чейин эки партия биригип шайлоого барган учур менен, өз алдынча барган учурду салыштырып, эч кандай айырма таппай келем. Мен “Республика” партиясы жөнүндө жаман сөз айткым келбейт.

 

Бирок,  2010-жылда “Ата Журт” партиясы парламенттик шайлоодо 28 мандатка ээ болсо, 2015-жылы  “Республика” партиясы менен бириккен учурда деле 28 мандатка ээ болду. Демек эки шайлоодо тең “Ата Журттун” туруктуу электораты бар үчүн мындай колдоого ээ болду десек болот. Демек, “Ата Журт” партиясын колдой турган шайлоочулары, туруктуу электораты, эл алдындагы аброю бар деп ишенимдүү айта алам. Ошондуктан биз шайлоого өз алдынча бара турган болдук, алсырабайбыз, тескерисинче күчтөнүшүбүз мүмкүн-деди Ахматбек Келдибеков

Ал эми “Ата-Журт” партиясынын тең төрагасы азырынча эч бир саясий уюм менен биригүү боюнча сүйлөшүүлөр болбогондугун, мунун баары шайлоого жакын белгилүү болорун кошумчалайт.

-Азырынча  шайлоо өнөктүгү боюнча сүйлөшүүлөргө эртелик кылат. Мунун баары шайлоо жакындаганда жүргүзүлөт. Биз өз алдынча барабыз. Ал эми бизге кошулууну каалагандар болушу мүмкүн. Буга мыйзам жол берет-деди Ахматбек Келдибеков.

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *