Ахматбек Келдибеков: Жоопкерчилик бир гана Атамбаевдин эмес, аны жандап жүргөн саясатчылардын да абийиринде!

Мезгил

-Ахматбек Келдибекович, 10-августта Жогорку Кеңештин жыйынында Ирина Карамушкина Кой-Таш окуясынын тегерегинде сөз сүйлөп жатып, тергөө органдары анын телефонун алып койгонун, Асел Кодурановага интернет пайдаланууга тыюу салынганын белгиледи. Бул коомчулукта катуу сынга алынууда. Бул боюнча сиздин пикириңизди уксак дегенбиз.

 – Биринчиден Кой-Ташта болуп өткөн окуяларга укук коргоо органдары баа берет.  Карамушкина мыйзам чыгаруу органынын өкүлү катары, бул нерсени жакшы билсе керек. Бир адам –Атамбаев бардык өлкөнү шантаж кылып жатты. Бул убакта бүгүн мыйзамдуулук боюнча кеп салып жаткан Карамушкина кайда эле?  Атамбаевге үч жолу чакыруу жөнөтүлдү, үчөөндө тең барбай койду. Мындай учурда тартип сакчыларында күбөнү мажбурлап алып келүү укугу бар.  

Бирок, азыр кеп адам өлүмү менен коштолгон учурда тартип коргоо органдарына каршылык көрсөтүлгөн өзгөчө оор кылмыш тууралуу болуп жатат. Башкача айтканда, көп адамга денесине оор залака тийди, ок атуучу курал колдонулду, натыйжада көптөгөн адамдар жабыркады, бирөө каза болуп калды.

Ал эми Карамушкина баштаган айрым саясатчылар иммунитети болгон күндө да кылмыш жасалган жерде жүрүшкөн. Тартип коргоо кызматкерлерине асыла бергенди токтотуш керек. Бул өлкөдө тартип орношун каалайбызбы? Анда укук тартибин камсыз кылган органдар да жөнөкөй жарандар сыяктуу эле корголушу кажет. Андыктан, жабыр тарткандар үчүн жоопкерчилик бир гана Атамбаевдин эмес, аны жандап жүргөн саясатчылардын да, анын ичинде Карамушкинанын да абийиринде!

Анткени, мыйзам алдында баары бирдей. Ошол 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча Кой-Ташта атайын операцияда ок атылган. Натыйжада атайын кызматтын бир жоокери каза таап, 130дан ашуун киши ар кандай жаракат алганы баарыбызга белгилүү. Адам өмүрү кыйылды. Эне баласынан, бала атасынан, бир кичинекей мамлекет тирөөчүнөн айрылды. Бул эмне Карамушкинага сабак эмеспи?

Ошондой эле УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев « Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы Ниязбековду түз эле жүрөккө атышканын көрсөттү. Башкача айтканда аны атайын эле өлтүрүш үчүн атышкан. Эскертүү иретинде бутка же колго атса болмок» деп айтып жатат. Эмне адам өмүрү Карамушкина үчүн бир телефончолук баасы жокпу? Карамушкина өзүн сыйлабаса дагы курман болгон атайын кызматтын кызматкерин, анын жакындарын жана жарадар болуп өмүр менен өлүмдүн ортосунда күрөшүп жаткан жоокерди сыйлаганга милдеттүү! Анткени, адам өмүрү Карамушкинанын эч кимге кереги жок телефонунан алда канча жогору турат!

Ошондой эле азыр коомчулук, баарыбыз тең адам өлтүргөндөр, барымтага алгандар же адам өлтүрүүгө аракет кылгандар кимдер экенинин так аныкталышына кызыкдарбыз.

Ахматбек Келдибекович, мурунку президент А. Атамбаевдин тушунда өзүңүз, саясатта чогуу жүргөн досторуңуз, партиялаштарыңыз саясий интриганын курмандыгы болуп, запкы тарттыңыздар. Азыр ошол маалда өзүнө жакпаган саясатчыларды куугунтукка алган бийликтин өкүлдөрүнө кылмыш иш козголуп, камакка алынууда. Бирок, бүгүн деле бийликте турган партия өз адамдарына карата козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук деп атап жатат. Сиздин оюңуз?

-Ким?

Ирина Карамушкина, Анвар Артыков…

-Негизи саясий деңгээлдеги маселелерди жарандык маселелер менен чаташтырбаш керек. Адамдын пикир алмашуусу босогодо деле боло берет. Бирине ал жакпайт, экинчисине тиги жакпайт. Сиз деле бирөөгө жакпайсыз балким, мен дагы… Бирок, адам жеке кызыкчылыгы үчүн өзүнүн саясий оппененттерин далилсиз каралоого жол бербеши керек. Карамушкина мына ушул принциптерди карманды беле? Баарыбыздын эле эсибизде болсо керек, Карамушкинанын Жалал-Абадда Камчыбек Ташиевди колдоп чыккан Баатыр энелерди фашисттерге теңегени.

Ал гана эмес “Ташиев, Жапаров, Мамытовдор тарабынан бийликти басып алууга жасалган аракет болгон” деп Жогорку Кеңештин трибунасынан кыйкырып чыккан. Бирок, Ташиевдер “курал менен коргоном”, “Кой-Таш Элдик Республикасы” деген ураан  чакырыктар менен кимдир бирөөнү барымтага алып, өз жеке кызыкчылыктары үчүн адам өмүрү кыйылышына жол берген эмес эле да.

Ал эми Нариман Түлеев камалганда  Карамушкина Жогорку Кеңештин трибунасынан “Түлеевдин соттолушу башка жетекчилер үчүн сабак болуп, чиновниктерди бир топ сестентти” деп кыйкырып чыккан. Бизге каршы козголгон кылмыш иштери Атамбаевдин башка саясатчылардын “жүрөк үшүн” алыш үчүн жасалган кадам болгонуна ошол эле Карамушкинанын жогоруда айткан сөзү далил. Мен табаа кылбайм. Тобоо!

Ошондуктан Карамушкинанын кечээги айткан сөздөрү менен бүгүнкү айткан сөздөрү анын принцибинин жоктугунан жана Касымалиева айткандай эки жүздүүлүгүнөн кабар берет.

– “Келдибеков боюнча токтомго макул деп добуш берген партиялаштарым, президент Атамбаевдин коррупцияга каршы аракетине карата чыккынчылык кылдыңар” – деп  КСДП фракциясынын айрым депутаттарын сынга алды эле.  Айтыңызчы Ирина  Карамушкина айыптагандай сизге коррупция беренеси менен иш козголду беле?

– Биринчиден мага коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголгон эмес. Ал эми бизге карата козголгон кылмыш ишти чынында эле саясий куугунтук деп айтса болот. Себеби, “Ата Журт” партиясын, парламенттеги фракцияны ичинен талкалаш үчүн 16 депутатты куугунтукталган. “Кумтөр” маселеси менен эле 3 депутатыбызды камалган.

Өткөн айга салыштырмалуу салык 2 млн 300 миң сомго аз түшүп калды, Москвага парламенттин атайын өкүлчүлүгүн мыйзамсыз түзгөнсүң деп мага жалаа жабышты. Бул жалгыз гана менин чечимим эмес, жалпы депутаттар кабыл алган чечим болчу.

 -Кечиресиз, парламент Москвага атайын өкүлчүлүк ачуу чечимин кабыл алганда өкмөт башчы Атамбаев беле? Ал киши бул чечимди колдогонбу?

-Өкмөт башчы Атамбаев болчу. Өкмөт атайын өкүлчүлүккө каралган акча каражатты бюджетке киргизип, ал боюнча отчёт берип, парламент колдоп берген. Кийин Атамбаев президент болгондо өзү “Мында эч кандай мыйзам бузуу жок” деп кол коюп өкмөттүн бюджети аткарылышы тууралуу мыйзамга кол койгон.

Ар бир иште жоопкерчилик деген болушу керек. Ар ким оюна келгенди айтып, ар кандай схемаларды түзүп, коомчулукка далили жок имиштерди тарката берүү демократия болуп саналбайт. Эгерде абийири болсо анда ошол күнү Кой-Ташта адам өмүрүн алган окуяга аралашып жүргөн депутаттар өз ыктыярлары менен мандаттарын тапшырып кетиши керек болчу!

Мыйзам баарына бирдей болсун! Анын сыңарындай Карамушкина  да мыйзам алдында жоопкерчилиги  бар экенин унутпасын!

Ал эми мага карата козголгон кылмыш иши саясий куугунтук, далилсиз каралоо экени алда качан далилденген.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *