Аида Салянова Батукаевди бошотуу боюнча Атамбаев көрсөтмө бергенин айтты

Мезгил

Мендеги маалымат боюнча, ал киши ошондой көрсөтмө берген. Бул тууралуу Аида Салянова журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Атамбаевдин бул ишке түздөн-түз тиешеси бар-жок экенине тергөө жооп берет. Мен өзүм билгенди тергөөгө айтып бергем. Мен башында кандай айтып жүрсөм, ошол көрсөтмө, ошол жагдайды эле айтып бердим. Мендеги маалымат боюнча, ал киши ошондой көрсөтмө берген-деди Салянова.

Буга чейин Ички иштер министрлиги Бишкектеги №1 Тергөө абагында отурган мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын үй камагына чыгышын анын тергөө менен кызматташууга макул болгонуна байланыштырган.

«15-августта Аида Салянова Бишкектеги №1 Тергөө абагына ИИМдин Тергөө башкармалыгына тергөө иш-чараларын жүргүзүүгө алып келинген. Анын жүрүшүндө Аида Салянова жактоочусунун катышуусунда тергөө менен кызматташууга каалоосун билдирди. Жаңы мыйзамга ылайык, үй камагына которулду»-деп билдирген аталган министрлик.

Бирок мындан көп өтпөй эле Салянова “Атамбаевди сатпагандыгын” фейсбук баракчасы аркылуу жар салган. Эске салсак, Аида Салянова башкы прокурор болуп туруп  жаза мөөнөтүнүн тогуз жылын өтөбөй абактан чыгарылган кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү Азиз Батукаевди  бошотууда мыйзам бузулган эмес” деп бир нече курдай билдирген. Салянова башкы прокурор мыйзамдуулукту кармануу жаатында эмес, Батукаевдин адвокаты катары сүйлөп турганы баарыбызга маалым.

Бүгүн, Биринчи май райондук сотунда кылмышкер Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча биринчи соттук отурум башталды.

Бул ишке байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон жоон топ саячатчылар айыпталууда. Бүгүнкү сот отуруму Атамбаев сот процессине келүүдөн баш тарткандыгы үчүн кийинкиге жылдырылды.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *