Аида Салянова: Инимдин өлүмүндө саясий жүйө бардыгын эми ишенимдүү айта алам

Мезгил. 

Экс-депутат Аида Салянова 2017-жылдын 5-ноябрында өз үйүндө киши колдуу болуп каза тапкан иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча кылмыш ишиндеги айрым жагдайларды журналисттерге ачыктады.

Ал кылмыш ишин саясий жүйө бар деп эсептейт. Буга күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү далил болуп бере алат.

“Парламентте инимдин өлүмүн саясатка байланыштырууга даяр эместигимди айткам. Бирок, материалдын улам  бир барагын окуган сайын бул жерде саясий жүйө бар экенине көзүм жетти. Кармалуучу Улан Салянова кайсы үйдө жашаарын билбей турганын айткан. Күбөлөр да айыпталуучунун жогорку кызматтагы бирөөнүн көзүн тазалоого тапшырык түшкөнүн, ал жолтоо болуп жатканын айтканын угушканын билдиришкен. Ким тууралуу сөз болгону белгисиз, тергөө бул боюнча иликтөөнү туура көргөн жок.

Инимдин өлүмүнөн эки ай мурда айыпталуучу Ошто каракчылык кылмышына аралашкан экен. Тергөөчүлөр ага кылмыш жасалгандан бир канча күн өткөндөн кийин гана издөө жарыялашкан”, – деди Салянова.

Айтымында, Ош шаарында өткөн жылдын 30-августунда беш адам каракчылык жасашкан. Алардын төртөө кармалып, бири качып кеткен. Ошол качып кеткен адам эки айдан кийин Улан Саляновго кол салган. Экс-депутат кылмышкерге кылмыш жасалгандан кийин төрт айга чамалаш убакыт өткөндөн соң гана издөө салынганын белгиледи.

“Август айында кылмыш жасалган, а декабрь айында изин сууткан кылмышкерге издөө жарыяланган. Инимди кылмышкер жатак-колониясында жаза мөөнөтүн өтөп жатып өлтүргөн. Ал сурак протоколунда киши өлтүрүүгө мажбурлашканын, эгер айткандарын аткара турган болсо, каракчылык ишин жаап салышаарын убадалашканын билдирген. Демек, бул адам коркпостон кылмышка ишенимдүү барган”, – деди экс-депутат.

Салянованын божомолунда, Улан Саляновго атылган ок анын өзүнө багытталган. Бирок, кандайдыр бир себептер менен экс-башпрокурордун өлүмүн эңсегендердин планы өзгөргөн.

“Киши өлтүрүүнүн уюштуруучусу Асан Абыкулов деген башка өлкөдө кармалгандыктан, учурда  экстрадацияны күтүп жатат. Ал 2015-жылы Аида Салянова мага аңдуу койгон деп көрсөтмө бериптир. Аталган жылы мен да толтура аңдууда жүргөм, анан кайдан ага аңдуу коймок элем.  Эгер шектүү  экстрадацияланса, анда кылмышка тапшырык берген адам да аныкталат. Кылмышкерлердин кылмышка баруусуна ким түрткү болгону ачыкка чыгышы керек”, – деди Аида Салянова.

Экс-депутаттын андан аркы билдирүүсүнө караганда, инисине окту кармалган шектүү Эрмек Осмонкулов чыгарган. Бирок, ал Улан Саляновду өлтүрүү ниети болбогонун айткан. Жанындагы эки өнөктөшү Саляновго кол салышкан.

“Иним каршылык көрсөтүп, уулуна умтулган. Анткени, ошол убакта кармалган шектүү уулунун чыкыйына тапанча такап турган. Улан колунан тапанчаны сууруп алууга аракеттенгенде, аргасыздан атып жиберген”, – деп белгиледи экс-депутат.

Аида Салянованын айтымында, ал бул кылмыш ишинде жабырлануучу катары көрсөтүлгөн. Улан Саляновдун өлүмү боюнча сот отуруму 20-сентябрда болот.

 Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *