Аида Салянова үй камагына чыкты

Мезгил

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары камакка алынган мурдагы башкы прокурор Аида Салянова үй камагына чыгарды.

Эске салсак бүгүн, 15-августта Жогорку соттун соттук коллегиясы мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын мурдагы юстиция министри Аида Салянованын Алексей Елисеевге лицензия берүү ишине байланыштуу соттук отурумду кароону улантмак. Бирок, соттук отурум 5-сентябрга жылдырылган. Бул туурасында Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирген.

Анда, Аида Салянованын баш коргоо чарасы жактоочу Чынара Жакыпованын өтүнүчү менен кийинкиге калтырылгандыгы, Салянованын кийинки соттук отуруму 5-сентябрда саат 16:00дө каралары айтылган.

Аида Салянова Бишкектин №1 тергөө абагында отурган. Ал  3-июнда камакка алынганып. Ал 15-июнда ооруканага которулуп, 14 күндөн кийин кайра абакка жеткирилген.Акыркы жолу сот анын бөгөт чарасын карап, камактагы мөөнөтүн 26-августка чейин узарткан эле.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *