Аида Салянова: ” Мен айткан сөздөрүмдөн кайткан жокмун, чындыкты күттүм”

Мезгил

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова социалдык тармак аркылуу өздүк баракчасында элге билдирүү жазды.

Сиздердин ак батаңыздар менен бүгүн кызымды кучактап отурам. Колдоо көрсөткөнүңүздөр үчүн башымды ийип, таазим кылам. Ар бириңиздерге жолугуп ыраазычылыгымды жеке билдиргенге Кудайымдан насип кылуусун тилейм.

Мен 73 күн камакта Атамбаевди коргогонумдан, ага жан тартканымдан отурган жокмун. Ал ага татыксыз. Менин камакта болгонумдун бир эле себеби бар – мен эч качан коррупцияга катышкан эмесмин. Азыр мага коюлган күнөөгө дагы тиешем жок. Ушунча убакыт чындык жеңет деп күттүм. Мен мурда айткан сөздөрүмдөн кайткан жокмун. Тергөө ага түшүнүү менен мамиле жасады – деп билдирди Аида Салянова.

Эске салсак, Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна шектүү катары 3-июнда камакка алынган. Ал эми кечээ 15-августта баш коргоо чарасы өзгөртүлүп үй камагына чыгарылды.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *