Аида Салянованын соттук иши 5-сентябрга жылдырылды

Мезгил

Бүгүн, 15-августта мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасы Жогорку Сотто каралмак. Бирок, соттук отурум 5-сентябрга жылдырылды. Бул туурасында Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аида Салянованын баш коргоо чарасы жактоочу Чынара Жакыпованын өтүнүчү менен кийинкиге калтырылган. Салянованын кийинки соттук отуруму 5-сентябрда саат 16:00дө каралат.

Эске салсак, Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 3-июнда кармалып, 26-августка чейин камакта калтыруу чечими чыгарылган.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *