Аида Салянованын соттук иши августта карала турган болду

Мезгил

Жогорку сот Аида Салянованын Алексей Елисеевге лицензия берүү ишине байланыштуу соттук отурумду 1-августка жылдырды.Бул тууралуу анын жактоочусу Чынара Жакупбекова кабарлаган.

Анын айтымында, соттук отурум жараян ишти карай турган соттук коллегиянын бир мүчөсү келбей калганына байланыштуу жылдырылган.

Маалыматтарга караганда, экс-башкы прокурор Салянованын лицензияга байланыштуу иши Жогорку сотто быйыл ишке кирген жаңы кодекстерге байланыштуу кайра каралат.

Эске салсак, Салянова 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда «мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген айып тагылган.

3-июлда  Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулганына байланыштуу камака алынып, азыркы учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *