Айбек Бусурманкулов: “Анан ушул коррупционер кантип Бишкек шаарын өнүктүрөт?”

Мезгил

Кечээ балдар аянтчаларын басып алган адам, бүгүн Бишкек шаарынын башчысы болууга татыктуубу? Мындай пикирин коомдук активист Айбек Бусурманкулов билдирди.

Айбек Бусурманкуловдун айтымында 2012-жылы Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Азиз Суракматовго каршы шаар тургундары нааразчылык акцияларына чыгышкан. Кечээ шаар тургундарынын нааразычылыктарын жараткан адам бүгүн кантип шаар башчысы болот?

Бишкек шаардык кеңешинин бул тандоосуна мен албетте каршымын. Анткени 2012-жылы биз, «Эркин Эл» саясий партиясынын өкүлдөрү, бир нече коомдук активисттер Бишкек шаарынын 7 -кичи районун тургундары бул кишиге карата бир нече жолу нааразычылык акцияларын уюштурганбыз. Анткени, Азиз Суракматов ушул райондо жайгашкан балдар аянтчасын басып алып көп кабатуу үй салууга аракет кылган. Эми өзүңөр деле күбө болгулачы балдар аянтчаларын басып алып жаткан адам, бүгүн Бишкек шаарынын башчысы болууга татыктуубу?-деди Айбек Бусурманкулов.

Коомдук активист буга чейин бир нече басылмалар жазып чыккан Азиз Суракматовдун курулуш компаниясына карата козголгон кылмыш иши боюнча өлкөнүн башкы көзөмөл органы кандай чараларды көрдү деп суроо салат. Ошондой эле Бишкек шаардык кеңеши Суракматовду кандай жолдор менен талапкер кылып көрсөтүп жатканына коомчулук өзү күбө экенин кошумчалайт

Эгер Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэри болуп шайланып калса анда азыркы бийлик башында турган адамдардын коррупция менен күрөшөбүз деген ураанын жөн гана жел сөз, пиар деп билем. Ал эми Бишкек шаардык кеңеши Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерди кафеде чечип калганы бул саясий ыпластыктын жеткен чеги. Ошондой эле бир нече массалык маалымат каражаттары буга чейин эле Азиз Суракматовго менен Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаевге таандык делген Ак үйдүн батыш тарабында салынып жаткан көп кабаттуу имаратка Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, курулуш иши токтотулганын жазып чыгышкан. Анан ушул коррупционер кантип Бишкек шаарын өнүктүрөт? –деди Айбек Бусурманкулов

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *