Айбек Калиевди Сапардын кишиси дешет, аны кызматка ким алып келген?

Мезгил

Бүгүн, 7-августта Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБи боюнча соттук отурум уланууда. Анын жүрүшүндө, мурунку премьер-министр Темир Сариев күбө катары суралды. 

Сурак учурунда Айбек Калиев Сариевден «Улуттукэнергохолдингге» жетекчи катары ким дайындаганын тактады.

– Мени Сапар Исаковдун кишиси деп айыптап жатышат. «Улуттукэнергохолдингге» жетекчи кылуу чечимин ким кабыл алды эле? деп сурады Калиев.

Сариев Калиевди аталган кызматка өзү кабыл алганын айтты.

– Мен аскерий органдардагы жогорку кызматтарга кимди коюу маселесин гана президент менен чогуу чеччүмүн. Калган кызматтар боюнча чечимди жалгыз өзүм кабыл алчумун – деди Сариев.

Ошондой эле, Темир Сариев энергетикалык коопсуздукту камсыздоо үчүн ЖЭБди жаңылоо зарыл болгонун жана убакыттын өтүшү менен ЖЭБдеги жаңылоо иштерин жүргүзүүчү жалданма уюм туура тандалганына көзү жеткенин билдирди.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *