Айдар Акаевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына Кыргызстандан кайсы саясатчылар  барат?

    Мезгил

 Тунгуч президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев 5-февраль күнү эртең менен каза болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, анын жүрөгү кармап калган. Ал  8-февралда Москва шаарында акыркы сапарга узатылат. Кыргызстандан кыргыз элинин тунгуч президенттинин уулун акыркы сапарга узатуу зыйнатына кимдер барат?

   Айдар Акаевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына кыргыз саясатчыларынан укук коргоочу Токтайым Үмөталиева азыр Таласта экенин айтып, бирок Москвага “жөө болсо дагы бараарын” баса белгиледи. 

Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманбек Осмонов  топурак салуу үчүн Москвага барууга аракет кыларын айтты. Ал Акаев президент болуп турган кезде биринчи вице-премьер жана Жогорку соттун төрагасы болгон.  

Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнүн башына кыйын учур түшүп турганда мурдагы  мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов алар менен чогуу болорун баса белгилейт.

Ошондой эле мурда  Коопсуздук кеңешинин мурдагы жетекчиси Болот Жанузаков Москвага барууга аракет жасарын айтат.

 Аскар Акаев президент болуп турган кезде айыл чарба министри болгон Бекболот Талгарбеков болсо Акаевдин үзөңгүлөштөрү чогулуп, топурак салууга кимдер бараарын  такталып жатканын айтты.  

Москвадагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Дамир Асанов Айдар Акаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 8-февралда өтөрүн, үй-бүлөсү ушундай чечим кабыл алганын айтат:

«Айдар Акаевдин сөөгү Москвада коюлат. Үй-бүлөсү ушундай чечим кабыл алыптыр. Аскар Акаев Айдар акыркы беш жылдан бери жүрөк оорусуна чалдыгып, дарыгерге көрүнүп жүргөнүн айтты. Акыркысында микроинфакрт болуптур»-деди Асанов

Белгилей кетсек, кечээ 5-февралда 44 жаштагы Айдар Акаевтин жүрөгү токтоп калып, каза болду. Анын жубайы кыргыз элине белгилүу маданият ишмери  Чокубаевдин кызы. Алардын эки баласы бар. Анын сөөгү 8-февраль күнү Москвада жерге берилет.

Мезгил ньюс

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *