Мезгил
Москвада каза болгон тунгуч президент Аскар Акаевдин баласы Айдар Акаевдин сөөгү Москвада жерге берилет.
Алдын ала маалымат боюнча, Айдар Акаевдин сөөгү 8-февраль күнү Москвада жерге берилет. Бул тууралуу үй-бүлөнүн жакын адамдары билдирди.
Белгилей кетсек, кечээ 5-февралда 44 жаштагы Айдар Акаевтин жүрөгү токтоп калып, каза болду.
Айдар Акаев Москвада жеке ишкерлик менен алектенип келген. Ал Чокубаев киноматографистердин үй-бүлөсүнүн кызы Сайкалга үйлөнгөн. Алардын эки баласы бар.
Мезгил ньюс