Айдарбеков БУУ жыйынында азаматтыгын көрсөттү

   Мезгил

     Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековго көз тийбесин.  БУУнун жыйынныда сөз сүйлөп, Борбордук Азиядагы уран калдыктарынын экологиялык көйгөйүн чечүү үчүн кошумча финансы каражаттарын тартууга көмөктөшүүгө жана эл аралык тилектештикти күчөтүүгө чакырды.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясында кыргыз тараптын демилгеси менен Тажикстан, Өзбекстан менен биргеликте Европа Биримдигинин, ЕККУнун колдоосу астында “Борбордук Азия эл аралык тилектештикке чакырат” урааны астында Борбордук Азияда мурдагы уран казуу ишине байланышкан коркунучтарга арналган иш-чара уюштурулду. Анда Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков сөз сүйлөп, Борбордук Азиядагы уран калдыктарынын экологиялык көйгөйүн чечүү үчүн кошумча финансы каражаттарын тартууга көмөктөшүүгө жана эл аралык тилектештикти күчөтүүгө чакырды. Биргелешкен иш-чаранын алкагында БУУга мүчө-мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын жана финансылык институттардын жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

   Буга чейин Борбор Азияда уран калдыктарынын экологиялык көйгөйү мурда БУУнун алкагында талкууланган. 2018-жылы Кыргызстандын демилгеси боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан Борбордук Азиядагы коркунучтуу кырдаал тууралуу эл аралык коомчулукту мындан ары дагы маалымдап туруу үчүн “Борбордук Азиядагы радиациялык коркунучтун алдын алууда эл аралык коомчулуктун ролу” аттуу БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы кабыл алынган.

Айрым атка минерлерибиз чет элге барганда сүрдөп кетишеби, айтоор жазып берген текстти эжелеп окуп, өлкөбүздү ыңгайсыз абалга калтырган учурлары али эстен чыга элек. Аларга салыштырганда өз ишин мыкты билген Айдарбековубуз мыктылыгы көрсөтө алды. Чоң трибунага чакырган учурда модератор “Кыргызстан” деген сөздү айта албай жаңылып кетип, кийин тууралап сүйлөсө да Айдарбеков жаңылган жок, сүрдөгөн да жок, кагаздагы жазууга да таянбай эле сүйлөдү.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *