Мезгил
Бишкектеги айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн 61 пайызы гана коопсуздук курун тагынат. Бул иликтөөнү «Жол коопсуздугу» коомдук бирикмесинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, коопсуздук курун айдоочулардын 70 пайызы, алдынкы орундукта отурган жүргүнчүлөрдүн 58,7 пайызы жана арткы орундукта отургандардын 6,3 пайызы тагынышат. Көпчүлүгү курду айыппул төлөбөйүн деп тагынышат.
Маалыматка таянсак, былтыр Кыргызстанда 5 миң 995 жол кырсыгы катталган, анда 716 киши каза таап, 9 миңден ашуун киши жаракат алышкан. Ошондой эле, коопсуздук куруна байланышкан 260 миң эреже бузуу катталган.