Мезгил
Кыргызстанда убактылуу айдоочу күбөлүктөрүнүн мөөнөтү 15-февралда соңуна чыгат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, ага чейин айдоочулар убактылуу күбөлүктөрүн туруктуу документке алмаштырууга жетишип калышы керек.
Аларды алмаштырууга арыздар Чокан Валиханов 2 дарегиндеги “Унаа” мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмүндө кабыл алынат.
Ал эми даяр документтер Ауэзов көчөсүндөгү №4 калкты тейлөө борборунда берилүүдө.
Мезгил ньюс