Айдоочулардын эсине: Убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуу мөөнөтү соңуна чыкты

     Мезгил

Былтыр июнь айынан баштап берилип келген убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуу мөөнөтү соңуна чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, документтерди туруктуу күбөлүктөргө алмаштыруу зарыл. Аны менен унаа башкаруу эреже бузуу фактысы катары катталат.

Мындай учурда айдоочуга миң сом өлчөмүндө айып салынып, машина айып короосуна киргизилет.

Белгилей кетсек, убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуу мөөнөтү 2019-жылдын декабрь айында эле соңуна чыкмак, бирок өкмөт   анын жарактуу мөөнөтүн 2020-жылдын 15-февралына чейин узарткан.

 Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *