Айгүл Жапарова: Берекем Дастаным, сени эстебеген бир да күнүм өтө элек

    Мезгил

Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова маркум уулу Дастанды эскерип пост жазды. 

“Берекем Дастаным, сени эстебеген бир да күнүм өтө элек. Ар дайым оюмдасын. Сени менен ойгонуп, сени менен уктайм. Асмандагы эң жарык жылдызды сен деп элестетем. Сен төрөлгөндө жаштыгыма карабай энелик сезим менде өтө күчтүү эле. Акылдуум менин. Жанда жок боорукер, жылдыздуу элең, балам. Өжөрлүгүң да күчтүү эле. Дастан, бизде баары жакшы. Атаң аман-эсен, күүлү-күчтүү олтурат. Чыгарганга эрки жетпей, чыгарбай жатышат. Эли күндөн-күнгө атаңдын эмгегин билип, баалап, толкуп жатышат. Кудайым буюрган күнү чыгып келип, арабызга кошулуп калаар.

Рустам үйлөнүп, баарыбызды кубантты. Ринат үйлөнөм деп турат. Кудайымдын жазганына баш ийдим, балам. Өзү берген, өзү алып кетти. Сенин атыңдан соопчулук кылып, балдар үйүнө барып турабыз. Кадимкидей жеңилдейм. Жетим балдар кубанса, сен кубангандай сезилет бизге. Жаз алды менен сенин атындан шарты татаал, суусу жок жаңы конушка суу чыгарып берели деген максатыбыз бар. Көп адам сени жоктоп келет. Досторуң, чогуу иштешкендериң жана жакын туугандарың. Ар бир адамдын жүрөгүнөн өзүндүн жөнөкөйлүгүң менен орун алган экенсиң балам. Рустам сенин атыңдан Умрага кетти. Аллах кабыл кылсын! Жаткан жериң жайлуу болсун, Аллах бейишинен берсин, балам”, деп эскерген Айгүл Жапарова.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты учурда  камактагы Садыр Жапаровдун тун уулу Дастан  былтыр   27 жашында жол кырсыгынан каза болгон. Каргашалуу окуя 22-августта болгон.

  Дастан  мотоцикл менен келе жатып аварияга учураган.    Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калууга канчалык аракет кылгандары менен тилеккке каршы ал өзүнө келбей жан берген. 

 Дастан Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетинде билим алган. Ошондой эле   Пекиндеги университеттен кытай тилин эки жарым жыл үйрөнгөн. Андан кийин Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетинде билим алган. Ал кыргыз,  орус, англис, кытай тилинде эркин сүйлөчү. Ал Куралдуу күчтөрдүн курамындагы Улуттук Гвардияда кызмат өтөгөн.     

Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *