Айласы алты кеткен Ирина Акыйкатчыны “букача челди”

   Мезгил

    КСДПнын катарынан чыгарылган депутат айым Ирина Карамушкинанын “Кой-Таш” кошогу али да басыла элек. Бүгүн ал парламент партасында олтуруп алып Акыйкатчынын обу жок эле “букачасынан челип өттү”. Депутаттын айтымында Акыйкатчы институту дурустап иштебей жатыптыр. “Институтта балдар акыйкатчысы деген бар. Анын эмне жумуш менен алектенери белгисиз. Жыл башынан бери жашы жете электерге карата 42 сексуалдык мүнөздөгү кодулоо болуп, 26 бала жана 19 кыз өз жанын кыюуга барган.” Муну менен кошо Акыйкатчы 2 миңге чукул кой-таштыктардын укугун коргобой жатканын да кошо кетти.

Биринчиден, Акыйкатчы кылмыш жасалып жаткан учурда коомчулуктун коопсуздугун камсыздай турган коргоочу, же кайтаруучу күч органы дегенди уккан киши барбы? Акыйкатчы укук коргоо институту, б.а. кылмыш болгондон кийин, же айыпталуучунун укугу мамлекеттик күч органдары тарабынан, же башкалар тарабынан бузулуп жаткан учурда коргойт эмеспи? Же жашы жете электер өз жанына кол салган учурда Акыйкатчы учуп барып куткарып калуусу керекпи? Андай болсо бизге Акыйкатчы эмей эле “Жөргөмүш киши” керек турбайбы, Ирина айымдын айтканына таяна турган болсок. Бул жерде депутат ИИМдин балдар менен иштөө бөлүмүнө, Социалдык жактан коргоо жана Билим берүү илим министрликтерине, жашоону жакшыртпадыңар деп өкмөт мүчөлөрүнө жолдобойт беле суроосун.

Экинчиден, Акыйкатчыны кандай деген күндө да ал Атамбаевге жолугуп, Кой-Таштыктарга барып, ал тургай Үсөн Ниязбековго карата ок чыгарды делген айыпталуучу жигиттин “мен айыптуу эмесмин” деген билдирүүлөрүн коомчулукка таратып келет. Бул жагын акыйкаттык үчүн Карамушкина эмнеге айткысы келбейт?

Токон Мамытовду 2018-жылы парламенттеги 120 депутаттын 78и оң батасын берип, өз колдору менен шайлап беришкен.

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *