Айнура Аскарова: Өкмөт мындай жосунду токтотуш керек

   Мезгил

Улам жаӊы мектептердин пайдубалы түптөлүп жатканына карабастан, Өкмөт Мектептерди куруу жаатындагы көйгөйлөрдөн дагы эле арыла албай келет. Мисалы, Сокулук районундагы Каракеев атындагы мектептин жаӊы имаратынын курулушу 60-70 пайызга бүтүп калган, азыр эмнегедир токтоп калды. Ушу кантип болсун. Бул тууралуу депутат Айнура Аскарова Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Өкмөт улам бир мектептин курулушун баштап коюп, баштагысын таштап коюп, жалаӊ пиар менен алектенип калды. Мындай жосунду токтотуш керек. Азыр алардын аягына чейин чыгарылар-чыгарылбасына ишеним болбой калды. Андан көрө курулушу мурда башталган мектептердин имаратын адегенде аягына чейин бүтүрүп, анжан кийин жаӊысын баштабайсыӊарбы. Ошондо биз балдарды окутууга даяр мектептарга ээ болот элек», – дер кошумчалады депутат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *