Айрым мамлекеттердин жарандарына виза берүү жеңилдетилди

Мезгил

Чет өлкөлөрдөн келген меймандардын Кыргызстанга кирүүсүн жеңилдетүүгө шарттар түзүлүүдө. Ошондой эле инвестициялык, ишкерлик жана туризм тармактарын өнүктүрүүгө жакшы шарт түзүүгө айрым мамлекеттердин жарандарына виза берүү жеңилдетилди.

Буга ылайык, Алжир, Бангладеш, Египет, Индия, Иордания, Ливан, Марокко, Непал, Пакистан, Тунис, Шри-Ланка мамлекетинин жарандарына виза берүү жеңилдетилип, бир айлык мөөнөткө чейин туристтик виза ала алат.

Жогоруда аталган өлкөлөрдүн жарандары Бириккен Араб Эмираттарынын, Кувейттин, Катардын, Бруней-Даруссалам мамлекетинин, Оман Султанатынын жана Бахрейн Королдугунун  аймагында туруктуу жана мыйзамдуу жашоочулары болушу керек.

Мындан улам, Кыргызстан Жакынкы Чыгыштын өнүккөн араб өлкөлөрүнүн резидент-жарандары үчүн жеңилдетилген виза режимин киргизген аймактагы алгачкы өлкө болуп калды. Өкмөттүн токтому 2019-жылдын 11-августунда күчүнө кирет.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *