Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатында алтын тагынды

Мезгил

Бүгүн, 20-сентябрда кыргызстандык балбан, Азиянын үч жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова  Дүйнө чемпионатынын финалында   Болгариянын балбаны Тайбе Мустафа Юсейн  менен беттешип аны 5:3 эсебинде жеңип алтын тагынды.

Айсулуу Тыныбекова кечээ 19-сентябрда жарым финалда Түндүк Кореялык атаандашын 7:0 эсебинде утуп, финалга чыккан.

Ушул күндөрү спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Дүйнө чемпионаты Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында өтүп жатат. Мелдеште алдыңкы беш орунду камсыздаган балбандарга 2020-жылы Токиодо өтүүчү Олимпиадага жолдомо берилет.

 Азырынча Кыргызстандын 4 спортчусу Олимпиадага жолдомо алышты.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *