Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатында чейрек финалга чыкты

 Мезгил

Кыргызстандык балбан кыз  Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты.

  Тыныбекова 1/8 финалда жапониялык  атаандашы  Якако Каваи менен күч сынашып, экинчи бөлүктө  аны жеңип алды.

 Айсулуу Тыныбекова алгачкы беттешинде  мексикалык Александра Ромеро Банниланы 8:0 эсеби менен жеңген.

Учурда спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында өтүп жатат. Мелдеште биринчиден бешинчи орунду камсыздаган балбандарга 2020-жылы Токиодо өтүүчү Олимпиадага жолдомо берилет. 

 Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *