Айткуловдун уулу дагы алдамчылыкка шектелүүдө

Мезгил

Жактоочу Икрамидин Айткуловдун уулуна карата “алдамчылык” беренеси менен сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Бул туурасында Шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-январда Башкы прокуратурага Б.Т. аттуу жаран кайрылып, Азамат Айткулов 2014-жылдын апрелинде “атасынын дарылануусуна” деп 25 миң доллар алганын айтты. Анда насыялык келишим түзүшкөн. Үч айдан кийин шектүү “ишкерликти өнүктүрөм” деп, кайрадан  карызга 6 миң доллар алган.

Ал эми 2014-жылдын аягында Икрамидин Айткулов уулунун карыз милдетин өз мойнуна алып, 2015-жылы ал арыз ээси менен насыялык келишимге кол коюшкан. Бирок, арыздануучу карызды ушул күнгө чейин ала элегин билдирди.

Эске салсак, 2015-жылы Азамат Айткулов дагы бир алдамчылык фактысы менен соттолгону белгилүү болду. Ал эми атасы жактоочу Икрамидин Айткулов кечээ алдамчылыкка шектелип кармалган болчу.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *