Айткылачы, Абылгазиевдин айткан кайсыл сөзүнө ишенсе болот?

    Мезгил

 Солтон-Сары кенинде болгон окуялар, ага байланыштуу маселелер тууралуу премьер-министрдин 2 башка мааниде сүйлөгөн сөзүн өзүңүз салыштырып көрүңүз.

1) Абылгазиевдин мурдагы сөзү: «Солтон-Сары кениндеги абал өндүрүштү токтотууга алып келбеши керек»

 Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Солтон-Сары кенинде түзүлгөн абал боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. (6-август)

-Жергиликтүү тургундар менен чет элдик жумушчулар ортосунда болгон окуялар мекеменин ишинин токтоп калуусуна себеп болбошу керек. Биз тоо-кен казуу тармагында кандай көйгөйлөр бар экенин жакшы билебиз, мындан улам аны түп тамырынан бери өзгөртүү үчүн иштеп жатабыз. Мен мунун баарын жеке көзөмөлүмө алдым. Эгерде инвестор биздин жарандардын талаптарын жана укуктарын буза турган болсо, биз ага тиешелүү чара көрөбүз деп баса белгилеп кетким келет. Бирок, баары мыйзам чегинде болушу керек. Эгер мындай ар бир окуя үчүн эл мекемени жабуу талабын көтөрө берсе, анда бардык инвесторлор бизден жүзүн буруп кетишет. Турмуш-тиричиликтик абалды саясий окуяга айландырбаш керек. Бардык талаш-тартыш маселелер укуктук негизде чечилиши зарыл.

2) Абылгазиевдин бүгүнкү сөзү: «Кенди мындан ары иштетүү маселеси жергиликтүү тургундар менен бирге чечилет»

Нарын облусундагы Солтон-Сары кенинин келечеги жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгынан кийин чечилет. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта өкмөттүн кеңешмесинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди:

– Жергиликтүү тургундар кенди иштетүүчү жердеги экология боюнча маанилүү маселени көтөрүштү. Алар инвесторлорго карата 83 талап коюшуп, азыркы убакта аны аткаруу маселеси турат. Кенди мындан ары иштетүү маселеси жергиликтүү тургундар менен бирге чечилет.  

Булак: Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *