Айыл чарба министрлигинде жаңжал. Министрдин орунбасарынын ордуна бөлүм башчы Кытайга барганбы?

Мезгил

Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев министрдин орунбасары катары бекер командировкага жөнөтүү үчүн экспорт бөлүмүнүн башкы адиси Анаркүл Беккулиеваны расмий катка жалган жаздырткан.

Мындай жалган жазылган кат боюнча Айыл чарба министрлигинде эл аралык жаңжал чыкканы турат. Бул туурасында социалдык тармакта көпчүлүк эл кызуу талкууга алып, жазып чыгышты.

Муну менен катар “жергиликтүү элди жыргатпаган жетекчилер, эми бизди ушинтип эл аралык деңгээлде да уят кылмай болушту” деп ЖК депутаты Эльвира Сурабалдиева да өз баракчасына  пикирин билдирген.

Ошондой эле Aidana Asanovna аттуу колдонуучунун айтымында, Кытай тарап жакында өтө турчу эл аралык жармаңкеге Айыл-чарба министрлигинен бир өкүл чакырып, анын чыгымдарын төлөп бермек болот. Болгону- бара турган адам министрдин орун басарынан ылдыйкы кызматта турбашы керек – деп жазган.  

Ал эми дагы бир интернет колдонуучусу “Чодуев «өз кишисин» жөнөтүү үчүн аракет кылган. Ушундай жол менен экспорт бөлүмүнүн башчысы  Анаркүл Беккулиева анын кызматы министрдин орун басары макамына туура келет деген документти колуна алып, кызыгы бул жасалма документке Чодуев өзү кол койгон эмес, орун басары Исаевге түртө салган» – деп билдирген.

Бул жалган документке шектенген кытай тарап Кыргызстандын тышкы иштер министрлигине тиешелүү суроо жөнөткөн.

«Эми бул окуяга катыштыгы бар адамдар аны басып коюунун аракетин көрүп жатышат. Аларда бул үчүн жолдор бар. Ошол эле Исаев премьер-министр Абылгазиевдин группалашы жана досу. Бирок бул маалымат тарап кеткенден кийин өкмөт башчы өзүнүн таанышына жардам бериши күмөндүү” – дейт интернет колдонуучу Aidana Asanovna

Ал эми бул чуулу окуяга Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев жооп бере элек.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *