Айылдык кеңештин башчысы пара менен кармалды

Мезгил.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери 17-сентябрда ыкчам-иликтөө иш чарасынын негизинде, Ат-Башы районундагы айылдарындан биринин айылдык кеңешинин төрагасын 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармады.

Айыл так айтыла элек, ал эми айылдык кеңештин төрагасы 1968-жылы туулган Б.А. экени маалым болду.

Шектүү аймактык электр компаниясынын жумушчусунан 20 миң сом талап кылган. Ал жумушчуну аталган сумманы бербесе, абоненттерден акча талап кылган деп жогорку инстанцияларга кайрылаарын айтып, коркуткан.

Пара алып жатып кармалган төрагага Нарын облустук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши КР Кылмыш жаза кодексинин 304 (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 313 (пара талап кылуу) – беренелеринин негизинде козголду.

Учурда кармалган жаран Нарындын абагына киргизилди.

 

 Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *