Айымдарга алты кеңеш

Мезгил

*Ашканадагы майлыктардын майы жакшы кетет, эгерде бир аз уксус кошулган жылуу сууга жарым саат чылап, андан кийин жууса.

*Жаңы жынсы шым өзүнүн түсүн сактап калуусу үчүн биринчи жолу жуурдун алдында өтө туздуу сууга 12 саат чылап коюп, андан кийин жуу керек.

*Эгерде жаңы сатып алган булгаары бут кийимиңиз бутуңузду кысса, аны байпак менен кийип, кыскан жерин фен менен кургатыңыз.

*Сүрүлүп, өңү өчө баштаган булгаары бут кийимди тиш жууган пастанын жардамы менен жаңыласа болот.

*Бут кийимдин сүрүлгөн жерине пастадан бир аз сүйкөп, жумшак чүпүрөк менен аарчып, андан кийин ным чүпүрөк менен тазаласаңыз жапжаңы болуп калат.

*Мыктын учтуу жагын өсүмдүк майына малып алып, андан кийин какса мык дубалга оңой кирет.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *