Ак-Сай айылынын жашоочулары Исфара-Ворух жолун бууп турушат

Мезгил

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы Ворух-Исфара жолу ачыла элек. Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылынын жашоочулары 3-июлдун кечинен бери Исфара-Ворух жолун бууп турушат.

Буга 3-июль күнү аксайлык ишкерди тажикстандык жаран сабап качып кеткени себеп болгон.

Жергиликтүү тургундардын маалыматына караганда, жабыркаган ишкер өзүнүн май куйган бекетинде тажикстандыктын автоунаасына газ толтуруп жаткан учурда Тажикстандын башка бир жараны таяк менен башка чаап качып кеткен. Жергиликтүү тургун жаракат менен ооруканага жаткан. Учурда окуяны жөнгө салуу үчүн Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугушуп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Ал эми Тажик тарап талкаланып калган Кыргызстандын жаранына таандык автоунааны жана башка чыгымдарын төлөп бермей болгон.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *