Мезгил
Академик Оморбай Нарбеков коронавируска каршы “Алтынай” аталышындагы дары тапкандыгын айтты. Ал бул тууралуу бүгүн пресс-конферацияда билдирди.
Анын айтымында бул дары короновирустан сакайууга жардам берет. Анын курамында өсүмдүктүн 20 түрү камтылган. Бул дары аптекаларда сатылбайт дейт- академик.
Биздин жаратылыш дары өсүмдүктөргө абдан бай. Мындан улам жаңы дарыларды ойлоп табууга мүмкүнчүлүк көп. Мен тибет менен дарылоону изилдеп баштаганда дары чөптөр абдан чоң жардам берээрин түшүндүм-деди Нарбеков.
Белгилей кетсек, коронавирустан каза тапкандардын саны учурда 425ке жетсе, ал эми илдетти жугузгандарын саны 25 миңге жакындады.
Мезгил ньюс