Акча чогултуш үчүн жалган үйлөнүү той өткөргөн жигит уят болду

  Мезгил

Кытайдын  Гуйчжоу шаарында тургун акча чогултуш үчүн жалган үйлөнүү той өткөргөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

 Маалыматка ылайык, 39 жаштагы адам жалданма кыздар бериле турган агенттикке  кайрылган. Ал жерден Сяо Ли атту кызды жалдап дос, туугандарынын алдында келиндин ролун аткаруу үчүн макулдашкан.  Келин  22-28-августка чейин анын жубайы катарында кызмат көрсөтүшү керек болгон.

Ал келинге ар бир күнгө  521 юань төлөөгө макулдашкан. 25-августка чейин аралыкта эр жигит тойго келген коноктордон 60 миң  юаньга чейин топтогон. Ал тойдон түшкөн акчага жеке бизнес ачууну көздөгөн.   

  Тойдон кийин алар бир нече күн шаар ичин кыдырышкан. Сяо Линин айтуусунда келишим аяктаган соң, эр жигит акчасын төлөбөй качып кеткен. Ал келинди баардык жактан блокко салып телефон чалууларына жооп бербей койгон.

 Ал  жардам сурап сотко  кайрылганга аргасыз болгон.  Сот экөөнүн ортосунда жазма келишим жок болгондуктан, кытайлыктан акча өндүрүүгө мүмкүнчүлүк аз экендигин айткан.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *