Мезгил
АКШ Кыргызстанга коронавирусту алдын алуу үчүн гуманитардык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, Бишкекке медициналык беткаптардан, мээлейлерден, коргоочу халаттардан жана дезинфекциялык каражаттардан турган жүк жеткирилет.
Ошондой эле эки тарап коронавирусту алдын алуу боюнча башка чараларды дагы көрүүнү караштырып жатат.
Кошумчалап кетсек, Кытайда вирус 2 минден ашык адамдын өмүрүн алды. Дүйнө боюнча аны жуктуруп алгандардын саны 76 минден ашты.