Аксынын Өзбекстан менен чектешкен аймагынын тургундары жер тилкелеринин жарымы чегара аймагына киргенине нааразы болушууда

Мезгил. 

Аксы районудагы  Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Торук айылынын Өзбекстан менен чектеш аймагында короо -жайлар   сүрдүрүлүп жатат. Маалым болгондой,   26 үйдүн короо-жайынын чети сүрдүрүлүүгө кеткен.

Аталган айылдын жашоочулары Мамлекеттик  чегара кызматынын, райондук Мамлекеттик каттоо башкармалыгынын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен жолугушушкан. Бийлик өкүлдөрү жергиликтүү элге чегара  тилкесин тактоодо  айрым үйлөрдүн короолору да зым менен тосулуучу аймакка туш болгонун  түшүндүрүшкөн. Ошондуктан, алар короо-жайлары чегара тилкесине кошулган тургундардан жерди бошотууну талап кылышкан. Бирок, буга айылдыктар каршы чыгышууда.

Торук айылынын  башчысы  Рахматилла Аманбаевдин айтымында,   26 үйдүн короосунан  5 метрден жер алынат. Бирок, жеринин жарымынан ажыраган элге компенсация берилбейт. 

Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Райымжан Мавлянов болсо   компенсация  төлөп берүү боюнча элден эч кандай талап-даттануу жоктугун айтууда. Белгилей кетсек, Торукта 1000дей түтүн эл жашайт.

Булак: Мезгил Ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *