Мезгил.
КСДП фракциясы акыйкатчылыкка кимдин талапкерлигин сунуштай турганы бүгүнкү жыйынында чечилди. Фракция депутаттары азыраак талкуудан кийин атайын кызматтын генералы, экс-вице-премьер-министр Токон Мамытовдун талапкерлигине токтолушту.
Токон Мамытовдун КСДП фракциясына өлкөнүн башкы укук коргоочусу болууга ниетин билдирип, документ тапшырганы маалымат каражаттарына тараган. Бирок, генерал бул маалыматты жанына жуутпай, эч кандай документ тапшырбаганын билдирген.
“Документ тапшырсам жыйынга чакырышмак да. Чакырышкан жок. Документ тапшырды деген маалымат жалган”, – деген ал. Бирок, экс-вице-премьер эгер акыйкатчы болуусуна депутаттар ишеним көрсөтүшсө, баш тартпай турганын да кошумчалаган.
Мыйзам боюнча, акыйкатчынын ордуна ар бир фракция үчтөн ашык эмес талапкер чыгарат. Талапкерлер жалпы депутаттардын добуш берүүсүнө коюлат. Учурда “Ата Мекен” Канатбек Азиздин талапкерлигине токтолду. Андан тышкары башка фракциялардан парламенттеги президенттин мурдагы өкүлү Молдакун Абдылдаевдин, укук коргоочу Рита Карасартованын, Акыйкатчы институтунан Урматбек Аралбаевдин жана Альберт Колоповдун талапкер болууга ниети бардыгы белгилүү.
Булак: Мезгил Ньюс