Акыйкатчы Токон Мамытов өзүнө карата айтылган сындарга жооп берди: “Кеп пенсионерде эмес”

 Жакында  гана Акыйкатчы болуп шайланган Токон Мамытов коомчулукта өзүнө карата айтылып жаткан сын пикирге  карата массалык маалымат каражаттарынын бирине маек берип жатып  жооп берди.

 

“Айрым инсандар, жарандар Акыйкатчы институнун максатын, милдетин түшүнө беришпейт. Башка тараптардын да талапкерлери бар алар таймашка түшкөндө колдонулган  ыкма десем болот. Муну кабыл алуу менен түшүнүш керек. Акыйкатчы ал аскер адамыбы, журналистпи, пенсионер болобу кеп анда эмес. Акыйкатчы адам билими тажрыйбасы кандай, жөнөкөй тил менен айтканда майын чыгара иштеген инсан болууга тийиш. Адам укутарын коргоодо көрүнгөн эшикти каккылап чыгасың. А көрүнгөн эшиктин баары ачыла бербейт. Андыктан эмоцияга алдырбай, мыйзам менен адам укугун коргоо керек. Акыйкат издеп келген адам сооронуп чыгыш керек ”- деди Мамытов. 

Белгилей кетсек, 26-сентябрда КРнын акыйкатчысы болуп Токон Мамытов шайланган. Бул коомчулукта талкуу жараткан.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *