Акылбек Абдыкалыков: “Эркек үйдүн ээси. Маселе ошол аркылуу чечилет…”

Мезгил

Театр кошкон кош жылдыз: Акылбек Абдыкалыков менен Анара Назаркулова.

Адам баласы өмүрлүк жан шеригин туура тандап, жүрөгү менен сүйсө, турмуштун даңгыр жолунда экөө бир болсо, жашоодо андан өткөн бакыт жоктур. Чыгармачылыктын чыйыр жолунда, өзгөчө театр чөйрөсүндө Эвересттин чокусуна жеткендей, ошол эле учурда үй-бүлө очогун бузбай сактап калгандары сейрек. Мына ошондой түгөйлөрдүн бири Кыргыз Республикасынын эл артисти Акылбек Абдыкалыков менен КРнын эмгек сиңирген артисти Анара Назаркулова.

КРнын эл артисти Акылбек АБДЫКАЛЫКОВ: «Сүйүшкөндөрдүн ролу Анара экөөбүздү табыштырды…»

 

– Акылбек агай, “кул жеймин дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту” деп бекерден айтылбаптыр, өмүрлүк жарыӊыз Анара эже менен чыгармачылыкта да, үй-бүлөдө да бирге болууну Жараткан насип кылыптыр да…

– Туура. Биз 1967-1972-жылдары Москвадагы А. В. Луначарский атындагы мамлекеттик театралдык искусство институтун бүтүрүп, биздин курсташтар жана режиссёрлукта окуган И. Рыскулов менен С. Ибрагимов атындагы драма театрында иштеп калдык.

Ошондо Мурза Гапаровдун “Күнөстүү арал” пьесасын И. Рыскулов сахналаштырган. Мен Искендерди, Анара болсо Жаңылды – сүйүшкөндөрдү аткарганбыз. 1978-жылы Москвадагы фестивалга ушул спектакль менен катышып келдик. Роль жаратып жатып эле бири-бирибизге болгон аярлуу дейбизби, айтор, сөз менен жеткире алгыс бир сезим пайда болуп, ошондон соң баш кошуп алдык. Сүйүү сезимин билдирүү оңойго турбасы чын. Анаранын сүйкүмдүү көзү менен жалт эте караганы жүрөгүмдү тызылдатты да койду. Ошол күндөн бери ошол көз караштын жалыны өчө элек.

– Эки таланттуу үй-бүлө курса кыйынчылыгы көп болдубу же турмушта жеӊил болот бекен?

– Албетте, жеңил жагы бар, себеби бир чөйрөдөгү чыгармачыл адамдар үй-бүлө күтсө бири-бирин түшүнүү оңой болот. Режиссёрлордо “режиссёрский правокация” деген түшүнүк бар. Актёр, актрисалар режиссёр өзү каалагандай ролду чыгарып бериш үчүн өзүнүн ар кыл ыкмаларын колдонушат. Театрда бүтпөй калган сын көз караш, үйгө келгенде дагы уланат.

Спектаклге даярданып жаткан учурда Анарага катуу айтып таарынтып алган учурларым дагы жок эмес. Качан гана ошол каарманы бышып жетилип, мыкты чыкканда гана баягы таарынычтар заматта унутулат, ошол ийгиликтүү чыккан ролу баарын жууп кетет. Өмүр өтөлгөсүнө көз чаптырсам, чыгармачыл жолумда жетекчилик кызматта көп болгондуктан балдарымдын тарбиясына анча көңүл бөлбөй калганымды, Анарага үйдүн түйшүгүн гана эмес, балдардын тарбиясын дагы мойнуна үйүп коюп кыйынчылык жаратканыма кейип калган учурларым болот..

– Анара Назаркулова кандай актриса экенин тажрыйбалуу режиссёрдун баамында уккум келди…

– Анараны жубайым катары эмес, актриса катары айта кетсем, спектаклге даярдык көрүп жатып жадагалса репетиция учурунда дагы кудум спектакль жүрүп жаткандай өз каарманын ойной билет. А. Несиндин “Жүрү бери” пьесасын сахналаштырган М. Назаралиев эле. Анара ошондогу каарманы Зананы мыкты алып чыккан. Фестивалда “Аялдардын эң мыкты ролу” сыйлыгына татыган. З. Сооронбаеванын “Сынган мазар” пьесасын мен койгом.

Аракеч аял Арсардын ролу психологиялык жанрга кирет. Ошону дагы кадимки аракечтей көрсөтө алганы Анаранын зор чеберчилигинде. Бул каарманы менен дагы фестивалдарда “Аялдын мыкты ролу” сыйлыгына ээ болгон. Театр сынчысы Жаныш Кулмамбетов “Анара Назаркулова кыргыз искусствосунун туу чокусуна жетиптир” деген баасын берген.

Мени кейиткени, Анара башка кесиптештерден айырмаланып, КРнын эмгек сиңирген артисти наамын өтө кеч алды. Өзүм жетекчилик кызматта жүргөнүмдө дагы жубайымды сыйлыкка көрсөтсөм болмок эле. Бирок ички абийир ага жол бербеди. Мен Анаранын алдында кээде өзүмдү ушунчалык күнөөлүүдөй сезип кетемин. Зергер таштын сырын билгендей, Анаранын иш билгисин зергер дүкөндөгү асыл ташка салыштырамын.

 

Азыркы жаштарга үлгүлүү үй-бүлө катары кандай кеп-кеӊештерди айтаар элеӊиз?

– “Үй-бүлө өзүнчө мамлекет”, “Мамлекетти башкарууга караганда, үй-бүлөнү теске салуу кыйын” дешет. Бул докторлук диссертация жазгандан да машакаттуу. Турмуш мектебинин жыргалы да, кууралы да бар. Мына ушуну окуп бүтүү алда канча кыйын.

Анткен менен адептүүлүктүн аркасында бул чакан “мамлекет” жашоодо. Эркек үйдүн ээси. Маселе ошол аркылуу чечилет. Жакшы аял анын жарчысы. Ал ага акыл кошот. Өзүнүн назиктиги, эр сыйлоосу, сөзүн угуусу, балдарынын, элдин арасында аны сыйлоосу, жүрүш-турушун оӊдоп-түзөөсү, катарга кошуусу менен аял киши жашоону жөнгө салат го деп ойлойм.

– Тасмаларда дагы роль жаратып келесиз…

– Акыркы курста окуп жатканда “Мен Тянь-Шань” тасмасында Алибектин ролун аткаргам. Кинорежиссёр Бакыт Карагуловдун “Бешик” аттуу тасмасында, кинорежиссёр Садык Шер-Нияздын “Курманжан датка” тасмасында Жантай ханды, кинорежиссёр Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” тасмасында Тентинин ролун аткардым. Бул тасма Эстониянын Таллин шаарында өткөн “А” классындагы престиждүү кинофестивалдын баш байгесин багындырды.

КРнын эмгек сиңирген артисти, Анара НАЗАРКУЛОВА: “Акылбектин жөнөкөйлүгү кан тамыры менен кошо жүрүп турат…”

-Ийгиликтин ачкычы таланттын күчүндө болуп жүрбөсүн…

-Балким… 1983-жылдан тарта К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалык драма театрында иштей баштадым. Не деген каармандар ошол жалындаган жаштык учурумда туш болду. Ошондогу дем-күч, ошондогу эргүү “Саманчынын жолу” спектаклинде Жер энени аткарганымда кайрадан келди. Раматылык Афелия Эркимбаева “Саманчынын жолундагы” Жер эненин образына мени бекиткен экен.

Тилекке каршы, ден соолугуна байланыштуу коё албай, Маратка (Козукеев) ишеним артып тапшырган эле. Марат ошол бекитилген актёр, актрисалардын бирин дагы алмаштырбастан, заманбап стилде мыкты чыгарган. Өмүрү кыска экен, мыкты режиссёр, актёрубуз Мараттан дагы айрылып калдык. Кыргыз искусствосуна жасай турган канчалаган иштери өзү менен кошо кете берди. Аттиң!..

-Кайсы каарманыңыздан өзүңүздүн мүнөзүңүздү көрүп турасыз?

-М. Горькийдин “Түпкүрдөсүндөгү” Настянын образы мага жакын. Канча кыйынчылыктарды башынан өткөрсө да анын кайраттуулугу, жашоого болгон бөтөнчө көз карашы, жан дүйнөсүнүн тазалыгын ушунчалык эргүү менен чыгарганмын. “Күнөстүү аралдагы” Жаңыл болобу же Шекспирдин “12 түнүндөгү” ханбийке Оливьеби, айтор кайсы каармандарды аткарбайын ошол каармандарда өзүмдүн мүнөзүмдүн кымындай болсо да үлүшү сөзсүз калган.

-Жолдошубуз ачууланса унчукпай коюу керек, себеби ал от болсо, биз ага суу болуп берерибиз чындык экен. Агай дагы ачуусу мурдунун учундабы же…?

-Албетте, жолдошубуз ачууланса унчукпай коюу – бул акылдуулук. Жолдошумдун шайыр кейпи аз болот, дайыма олуттуу. Себеби ал ачууланганга чейин бир маселени жети өлчөп бир кескен адам, ошондуктан ачуусу да агайыӊардын кулк-мүнөзүнө карап баш багат.

-Менин жолдошум- гений! Ал акчадан башкасынын баарын жасай алат деп Эйнштейндин аялынын айтканы бар экен. Жолдошунузга болгон бааныз?

-Жолдошумдун мыкты сапаттарын айтып отурсам сөз көп. Оболу, анын жөнөкөйлүгү күрөө тамыры менен кошо жүрүп турганын баса белгилеп кетким келет. Башкаларчылап алдым-жуттум эмес, сырттан карагандарга кенебеген бир калыпта жүргөндөй көрүнсө, негизи жаны тынбаган өтө эмгекчил инсан. Жаштык кезиндеги кесибине болгон аяр мамилеси жана берилип иштеген энергиясы дагы деле бар. Агайың тарбиялап окуткан студенттердин баары өз ордун тапкан профессионал кесипкөйлөрдөн болуп чыгышты.

Үй-бүлөдө балдарына камкор ата, жубайына сүйкүмдүү жолдош, жоро-жолдошторунун арасында кадыр-баркка ээ бир бөтөнчө талант жана адамгерчилиги бийик инсан деп баа бере аламын. Чыгармачылык жаатта Акылбек ар тараптуу талант. Анын кагаз чиймелеп ыр жазып жүргөнүн көпчүлүк биле бербес. Ар кыл темага кайрылган ырдын топтому бар бир көк дептери боло турган. Кийинчерээк ошол көк дептерин жоготуп алыптыр. Ошондо эргүүсү көк дептери менен кошо кеткенби бейм, ошол бойдон ыр дүйнөгө кайрылбай калды. Бирок калган-каткан ырларын топтоп бир китеп кылып чыгарсамбы деп айтып калат.

-Агайды режиссёр катары жакшы билебиз, агайды актёр катары кандай баалайт элениз?

– М.Гапаровдун” Күнөстүү аралында” Искендер, М. Горькийдин “Түпкүрдөсүндө” Лука, А.С. Пушкиндин “Саран рыцарында” Саран рыцарь, А. Токомбаевдин “Күндүн чыгышында” А. Жайнаков, Т. Абдумомуновдун “Эч кимге айтпасында” Шаймерден, Анардын “Илинчегинде” 11 каарман, К. Жантөшевдин “Курманбегинде” Тейитбек, Лопе Де Вего “Бий мугалиминде” Корьнеги жана башка мыкты ролдорду аткарган.

Акылбек өзүнө-өзү сын көз караш менен караганды билгендерден. Анын ар бир ойногон ролу эч жасалмалуулугу жок, нукура аткаргандыгы менен өзгөлөрдөн өзгөчөлөнүп турат. Театралдуу эмес, кудум турмуштагыдай. Ошол үчүн анын түзгөн образдары көрүүчүнү толук бойдон ишендире алат. Бул анын актердук табиятынын өзгөчөлүгү десем туура болот.

P.S. Мына окурман, кайталангыс сахна өнөрпоздорунун бүт өмүрүн, чыгармачылыгын, талантын бир сөз менен айтып берүү мүмкүн эмес. «Талантты карызга бербейт эч ким колго, талант бул Жараткандан берген олжо» деп Жусуп Баласагын айткандай, талант Кудай Тааламдан берилгени талашсыз. Бирок ошол талантты бапестеп багуу керек. Мына ошондо гана Жаратканым тарабынан берилген энчини чыгармачыл чөйрөдө турган турпатыӊа жараша көтөрө билүү эӊ маанилүү. Ушул ыйык сахна сересинде улуу корифейлердин изи калган. Мен бала кезде ата-энем театрга көп алып барышчу. Ошондон уламбы, кино, театр дүйнөсүнө ал ансайын кызыгуум артат. Театр бу эбегейсиз из калтырган эки таланттын экинчи үйү окшобойбу. Келечек муун Акылбек Абдыкалыков жана Анара Назаркулова кандай өнөр адамдары экенин биле жүрүшсө деген изги тилек менен сөзүмдү жыйынтыктагым келди.

Динара АСЫЛБЕКОВА

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *