Ала-Арча суусуна агып кеткен 25 жаштагы жигит изделүүдө

    Мезгил

Чүй облусунда Ала-Арча суусуна агып кеткен 25 жаштагы жигит изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнин маалымат кызматы билдирди.

 Маалым болгондой  кечээ, 14-июль күнү болгон.  Жергиликтүү тургундар 112 кызматына чалып, Байтик айылында 25 жаштагы жигит Ала-Арча суусуна түшүп кеткендигин айтышкан.

Кырсык болгон аймакка Аламүдүн райондук Куткаруу кызматынын алты куткаруучусу тартылып, түн кирип кеткендиктен, саат 23:50дө издөө иштери убактылуу токтотулган.  

Бүгүн издөө иштери кайра башталгандыгы маалымдалды.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *