Аламүдүндө турак үйдөн өрт чыгып, 500 тоок, 2 бодо мал өрттөнүп кетти

Мезгил

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Озерный айылында жайгашкан турак үйдүн короосундагы мал сарай толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  жыгач устундуу темир жабылган сарайдын 500 чарчы метр чатыры, 2500 түк чөп, эки бодо мал, 500 тоок, боз үй жана 8 даана өндүрүштүк аппараттар күйгөн.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *