Албек Ибраимов камакка алынды

Мезгил

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов камакка алынды.  Улуттук коопсуздук боюнча комитети азырынча эч нерсе айтылбай тургандыгын айтат. Кененирээк маалымат кийинчерээк бериле тургандыгын кошумчалашты.

Ал эми Албек Ибраимовдун жубайы жолдошунун камалышы тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

 Белгилей кетсек,  Албек Ибраимовго “Дастан” ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон.

13-июлда Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алып, токтомду премьер-министрге жөнөтүшкөн.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *