Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча сот отуруму эмне үчүн болбой калды?

Мезгил

Бүгүн, 7-февраль күнү Бишкек шаардык сотунда мурунку шаар башчылары Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча сот отуруму жабырлануучу тараптын келбегендигине байланыштуу 14-февралга жылды.

Айыпталуучулардын жактоочусунун айтымында мурдагы мэрлерге карата козголгон кылмыш иши боюнча жабыркаган тарап болуп:

– Билим берүү жана илим министрлиги,

– Бишкек мэриясы,

-“Дастан” ишканасы

– Мамлекеттик мүлк фонду саналат.

2019-жылдын 23-декабрында Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов баштаган ондон ашык айыпталуучуга карата сот өкүмү чыккан.  Өкүмгө ылайык Албек Ибраимов 15 жылга кесилип, ал эми Кубанычбек Кулматов баштаган айыпталуучуларга сот айып салган.

Кулматов «Кытай берген акчага Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп айыпталган.

Ал эми Албек Ибраимов Жазык кодексинин 303-беренеси («Коррупция») (ред.: 1997-жылдагы Жазык кодекси боюнча), 171-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу»), 166-беренеси («Алдамчылык»), 320-беренеси («Сот адилеттигин же тергөөнү жүзөгө ашырууга байланыштуу коркутуу же зомбулук аракеттерди жасоо»), 205-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») боюнча күнөөлүү деп табылган.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *