Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын кароо боюнча отурум кийнкиге жылдырылды

Мезгил

Бүгүн, 12-сентябрь күнү Бишкек шаардык сотунда Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын кароого байланышкан соттук иш жылдырылды.

Ибраимовдун жактоочусу билдиргендей,  соттук отурумду жабык өткөрүү чечими кабыл алынган.

Мында соттук отурумга айыпталуучунун адвокаты гана кирмек. Бирок, чечимге айыпталуучунун тарапташтарында нааразычылык пайда болду. Жыйынтыгында соттук отурум 17-сентябрь күнү саат 10:00гө белгиленди.

Белгилей кетсек, 30-июлда Бишкек шаардык сотун  Бишкек шаарынын мурдагы мэри  Албек Ибраимовду камакта калтыруу чечимин  кабыл алган.

  Эске салсак, 19-июлда Биринчи Май райондук соту Ибраимовду тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин кабыл алган . Анын жактоочулары баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнүп шаардык сотко кайрылган.

 Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ибраимовду буга чейин козголгон кылмыш ишине байланыштуу кармаганын билдирген.

Ал “Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда бюджетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четинде беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар деп шектелүүдө.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *